Лауреат сөздүн пайда болго-нуна дээрлик эки миң жыл болду. Ал лавр деген сөздөн чыккан. Лавр - дайыма көгөрүп туруучу дарак. Байыркы гректер менен рим-диктер лаврды поэзия менен искусс-твонун колдоочусу - Аполлон ку-дайдын дарагы катары урматташкан. Музыкалык жана спорттук мел-дештерде жеңип чыккан ырчы, флейтачы, гимнасттарды лавр жалбырагынан жасалган чамбар менен сыйлашкан. Римдиктер душманды жеңип чыккан кол башчыга да лавр чамбарын тартуулашкан. Башына лавр чамбары кийгизилген адам лауреат деп аталган. Лауреат деген сөз азыр да колдонулат. Биздин өлкөдө конкурста жеңип чыккан музыкант, ырчы же балерина гана эмес, табияттын терең сырын ачкан илимпоз, авто унаанын же учактын жаңы конструкциясын ойлоп тапкан инженер, чебердиги жана тапкычтыгы менен машинаны тезирээк жана тагыраак иштеткен жумушчу, рекорддук түшүм өстүргөн дыйкан да лауреат боло алат.
Жазуучу да, композитор да, кызыктуу фильм койгон режиссер да, мамлекеттик ишмер да, артист да лауреат болушу мүмкүн. Мамлекет, ошондой эле илимий же коомдук уюмдар белгилеген сыйлыктарга татыктуу болгондор лауреат деген сыймыктуу наам алат. Лауреат - өзүнүн таланты жана эмгеги менен жалпы элге таанылып, илимий ачылышы, долбоор, китеп, скульптурасы, фильм, спектаклдеги ролу үчүн өзгөчө ардактуу наамга татыктуу болгон адам. Совет доорунда сыйлыктардын эң ардактуулары - Лениндик, Мамлекеттик жана башка сыйлыктар болгон. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында адабият, музыка, кино, көркөм сүрөт, театр искусствосу жана архитектура жаатындагы көрүнүктүү чыгармалардын авторлоруна Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, ал эми илимий изилдөөлөрдүн, эң маанилүү техникалык ойлоп чыгаруучулардын авторлоруна Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылат. Лауреаттар эмгекте каармандык жана демилгелүүлүк көрсөткөн же чыгармачылыктагы жогорку жетишкендиктери менен өзгөчөлөнөт.