Кызыл аянт - Москванын жүрөгү. Аянттын кайталангыс көрүнүшү жана өз тарыхы бар. Байыркы заманда Кремль дубалынын түндүк жак тарабында Москванын негизги соода аянты пайда болгон. Ал узак мезгилге чейин соода аянты деп аталып келген. 1571-жылдагы чоң өрттөн кийин, өрт (пожар) аянты деп аталган анткени өрт убагында бардык соода дүкөндөрү өрттөнүп кеткен. 17-кылымдын экинчи жарымында - Кызыл аянт деп аталган. Улуу Октябрь революциясынан кийин бул ат жаңы мазмуну менен толукталган. Аянттын батыш тарабы Кремлдин бийик дубалы менен келишимдүү тик чатырлуу, жылдыздуу мунараларга барып такалат.
Дубалдын жогору жагынан Россия өкмөт үйүнүн жашыл кумпасы көрүнөт. Кремль дубалынын жанына кызыл жана кара таштан Лениндин Мавзолейи курулган. Кызыл аянттын түштүк тарабы 16-кылымда курулган көп кумпалуу кооз Покров соборуна (Василий Блаженныйдын храмы деп да аталат) барып бүтөт. Собордун жанында поляк жана швед баскынчыларынан бошоткон Минин жана Пожарскийге эстелик курулган. Бул - Москвадагы тургузулган биринчи эстелик. Аянттын түндүгү кызыл кыштан салынган, мунарачалары бар имаратка барып токтойт. Бул имаратта өлкөнүн эң ири музейлеринин бири - мамлекеттик тарых музейи жайгашкан. Бир кезде бул жерде башка имарат болуп, анда 1755-жылы Москва университети иштей баштаган.
Москва Арктиканын изилдөөчүлөрүн, биринчи жолу түндүк уюл аркылуу Америкага учуп барган эр жүрөк учкуч Валерий Чкаловду, Юрий Гагаринди жана башка космос баатырларын зор сыймык жана чексиз кубаныч менен тоскон мезгилде кызыл аянтка эл жык толгон. 1941-жылы 7-ноябрда фашисттик армия Москвага өтө чукул кирип келген мезгилде, кызыл аянтта кызыл армиянын сүрдүү, айбаттуу парады болуп өткөн. Бул параддын катышуучулары параддан түз эле борбордун чектерин коргоого жөнөп кетишкен. 1945-жылы 24-июлда жоокер жеңүүчүлөр аянтка жеңиш парадына келишип, фашисттик свастикалуу тууларды В. И. Лениндин мавзолейинин түбүнө ыргытышкан.