TYUP.NET
Баш барак | Жаныбарлар | Кытан: жалпы маалымат, түрлөрү

Кытан: жалпы маалымат, түрлөрү

Акыркы оңдоо:

Кытан (латынча Ardea, орусча цапля) — кытандар түркүмүнүн ири канаттуулар тукуму. Бул канаттуулар саздак аймактарды бойлой жашашат. Балыктар, бакалар жана башка жаныбарлар менен азыктанышат. Азыгын узун тумшугу жана буту менен таап жешет. Эл аралык илимий аталышы: Ardea Linnaeus, (1758, Карл Линней тарабынан).

Кытан

Жалпы маалымат

Кытан — бул зор канаттуу. Узундугу бир метрден ашык (80-110 см), ал эми кош канаты жайылганда эки метрге жетет. Ушундай куштун салмагынын болгону 2кг экендигине ишенүү да кыйын. Кептин баары анын тал канаттарында. Көк кытандын канаты өтө көпшөк (борпоң) келип, көйкөлүп турат, айрым түрлөрүнүкү, өзгөчө, ак кытандыкы өтө кооз болот.

Мына ушул канаттары үчүн жыл сайын жүз миңдеген ак кытан жок кылынган. Ошондуктан алар өтө сейрек кездешет. Көк кытан ак кытандан чоңураак, бирок андай кооз эмес. Аларды көл, саздардан көп эле көрүүгө болот.

Кытан мойнун кайрып жээкте кыймылсыз турат же узун, ичке буттары менен дабышсыз кадам шилтеп, ары-бери акырын басып жүрөт. Жемин саздан же суудан таап жечү бардык куштардын, мисалы, каркыра, кунас, фламингонун буттары да ушундай. Мына, көк кытан балыкты же баканы көрдү да, көз ачып-жумгуча өзүнүн найзадай учтуу тумшугу менен чап кармады. Кытан кургак жерде чычкандарды жана курт-кумурскаларды да жейт. Ушул күчтүү найза-тумшугу — кытандын өзүн жана уясын коргоочу куралы.

Кытан уясын дарактын башына, камыштын арасына, жарларда, кээде электр мамыларына курушат. Уясы чоң болот: бийиктиги 150см, туурасы 60 смге жетет. Аны куурайдан, чырпыктардан, камыштан, чөптөн жасайт. Уяга 3-7 жашыл жумуртка тууп, бутун күлкү келерликтей салаңдатып басып жатат. Жумурткаларын эркеги да, ургаачысы да басат.

Өзүнүн көркөм көрүнүшүнө карабастан булар катуу жана чукул үндөрдү чыгарат, өзгөчө төлдөө мезгилинде.

Булар жалгыз дагы, колониялар менен да жашашат. Кээде колонияларынын саны 100 башка жетет. Мындан тышкары колонияда кээде кытандардын бир гана түрү жашаса, кээде ар кайсы түрлөрү аралашып жашашат.

Классификациясы

Кытандар тукумуна 16 түр кирет:

Айтылгандар кытандар түрүнө гана таандык, ал эми кытандар түркүм 60тан ашык түрдү камтыйт.

Кошумча маалыматтар

Кытандар Антарктидадан башка дээрлик бардык континенттерде жайылган. Булар мыкты балыкчылар. Сууда көпкө чейин кыймылдабай туруп, балыкты көргөндө тумшугу менен өтө ыкчам сокку жасайт.

Айрым түрлөрү тактанткыч жемди (орусча приманка) колдонушат — жалбырак же курт-кумурскаларды сууга ыргытып, балыктарды кызыктырат. Муну канатуулар арасында аспап колдонуунун сейрек учуру десе болот.

Асманда учуп баратканда кытандар моюнун турналардай созуп учпастан S формасында бүктөп алышат.

Байыркы Египетте кытандар Бенну (Феникстин алдындагысы) кайра жаралуу кудайы менен ассоциацияланчу.

Кытандын айрым түрлөрүнүн көздөрү алдыны карай жылып, бинокулярдык көрүүнө камсыз кылат. А бул балык улоодо өтө ыңгайлуу. Балыкты үркүтүп жибербеш үчүн бир нече саат бою кыймылдабай тура алат.

Көрүүлөр: 2915
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо