Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргызстан гидроэнергетикасы

Баш барак | Башкалар | Кыргызстан гидроэнергетикасы

1917-жылга чейин Кыргызстанга гидроэнергетика онор жайдын озунчо тармагы катары дээрлик жок болгон. 1923-жылдан тартып электр энергиясы кочолорду жарыктандыруу учун пайдаланыла баштаган, ал эми 1930-жылдан тартып айыл чарбасында пайдаланылат.

Кыргыз Республикасынын географиялык абалын жана жаратылыштык-климаттык шарттарын эске алуу менен республиканын аймагы эки онор жайлык онуккон шаары бар, жети экономикалык облуска болунгон. Жылуулук жана электр тармактарынын, гидроэлектр станциялардын жана жылуулук электр борборлорунун болушу жыйындысында Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык системасын тузот.

Кыргызстандын энергосистемасы электр энергиясын берууну, болуштурууну олконун ичинде гана эмес, кошуна мамлекеттерге экспорттоо, Борбордук Азия олколорунун энергосистемаларында жыштыкты жондоого жана эн чон, жуктомду жабууга катышууга да мумкундук берет. Жалпысынан республиканын энергетикалык балансында олуттуу роль гидроэнергетикага таандык, ал ири гидроэнергетикалык ресурстардын болушу менен байланышкан.

Гидроэнергетикалык ресурстар менен жогорку камсыз болуучулук 1980-жылдардын башынан тартып Орто Азия регионунда электр энергиясын ири ондуруучу болгон республиканын энергетикалык комплексин тез онуктурууго шиферный комбинат, «Кумтор Голд Компани», АО «Бишкексут», АОЗТ «Шоро», «Кара-Балтинский спиртовой завод» мумкунчулук берди. Республиканын электр энергетикасы Кыргызстандын экономикасынын озогу болуп эсептелет.

Республиканын аймагында жалпы кубаттуулугу 2951 мин кВт/саат болгон 8 гидроэлектрстанцияны (ГЭС) кошкондо жалпы кубаттуулугу 3763 мин кВт болгон 12 электр станциясы жана Бишкек менен Ош шаарларында жайгашкан 4 жылуулук электр станциясы (812 мик кВт/саат) иштейт. Нарын суусунун томонку агымында курулган кубаттуу ГЭСтер беш ГЭСтен турган гидроэлектр станциялардын каскады турундо болот.

Нарын суусундагы каскаддын эн бир кайталангыс гидроэнергетикалык жана ирригациялык курулмаларынын бири Токтогул ГЭСи болуп эсептелет, ал 1976-жылдан тартып иштей баштаган. Ал чындыгында Кыргызстандын гидроэнергетикасынын флагманы болуп эсептелет. Станциялардын суу сактагычтары - Борбордук Азиядагы эн чон суу сактагычтар Кетмен-Тебе ороонунун аймагында жайгашкан. Станциянын озунун жайгашкан жери Борбордук Тенир-Тоо тоолорунун Кетмен-Тобо ороонундогу кууш капчыгайында жайгашкан.

Нарын каскадынын дагы бир кайталангыс энергетикалык курулмасы Курп-Сай ГЭСи жана Уч-Коргон ГЭСи болуп эсептелет. Курп-Сай ГЭСи 1976-жылы ишке берилген. Анын жайгашкан жери Токтогул ГЭСинин бир аз томон, кууш капчыгайдан тандалган. Уч-Коргон ГЭСи - гидроэлектр станциялардын алгачкысы. Нарын суусунда темир жолдун Уч-Коргон-Ташкомур тарамынан 2км аралыкта курулган. Бул жер 1913-жылы эле инженер Кузнецов тарабынан тандалган. Уч-Коргон ГЭСинин биринчи агрегаты 1961-жылы 30-декабрда пайдаланууга берилген.

Андан сырткары ири ГЭСтерден республикада Ат-Башы ГЭСи, Ташкомур ГЭСи жана Шамалды-Сай ГЭСи иштейт. Ат-Башы ГЭСинин гидротуйуну Нарын ороонундо Ат-Башы суусунун кууш капчыгайында жайгашкан. Ташкомур станциясынын жайгашкан жери Жалалабат облусунда, Кара-Суу суусунун Нарын суусуна куйган жеринен бир аз томон, кууш тоо ороонундо. Шамалды-Сай станциясы Нарын суусунда Ташкомур ГЭСинен 14км аралыкта жайгашкан.

Станциянын белгиленген кубаттуулугу ото чон жуктомду гана жаппастан суу агымынын энергиясын жайкы мезгилде да чегине чейин пайдалангыдай эсеп менен тандалган. Гидроэнергетиканы андан ары онуктуруу, жаны беруу линияларын куруу электр энергиясын Афганстанга, Иранга, Пакистанга, Кытайга жана Россияга экспорттоо учун Кыргызстандын артыкчылыктуу милдети болуп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 6290, Өзгөртүлгөн: 2020-09-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо