Кыргыздардын турак жайлары кочурулмо жана туруктуу болуп экиге болунгон. Кочмончулук жана жарым кочмончулук мезгилде негизги турак жай боз уй болуп, кочмондордун буткул турмушу ошондо откон. Боз уйдун кереге-ууктары, узук-туурдуктары кочмондор тарабынан кылымдар бою улам жакшыртылып келген. Кыргыз боз уйу казак жана Борбордук Азиянын башка элдеринин боз уйлоруно окшош келсе да, коркомдуулугу, ички, тышкы жасалгалары менен айырмаланып турат. Кыргызстанда отурукташкан калктын турак жайларынын чон айырмачылыктары болгон. Бул болсо географиялык жана тарыхый озгочолуктор, жергиликтуу салт, ошондой эле кыргыз элинин отурукташууга отуусу бир убакыттын ичинде жургузулбогондугу менен тушундурулот.
Эгерде туруктуу турак жайлар тундук жана туштук батыш райондордо 19-к-дын биринчи жарымында эле пайда болсо, калган аймактарда негизинен 20-к-дын башында курула баштаган. Феодалдык тоболдордун чарба курулуштары бар зангыраган уйлору, озунчо болунгон ири чарбактары жалданып иштеген батрактардын боз уй, жер кепелеринен кескин айырмаланган. Тоолуу райондордогу кыргыздардын отурукташуусунда ото байыркы тартиптер сакталып, кече тузулуштору менен уйлорду куруу чаржайыт болгон. Уйлор топ-топ же анча чон эмес чарбактык муноздо жайгашкан. Туштуктогу коп кыштактар тоо этектей жантаймаларга салынып, озбек, тажик кыштактарына окшоп кеткен. Кээ бир кыштактар жолдордун же суулардын бойлоруна узатасынан салынган. Кыргыздар уй курууну озбек, тажик, уйгурлардан уйронушкон. Кыргыздардын алгачкы курулуштарында алардын тийгизген таасири байкалып турган.