Байыркы кыргыздарда жоокердик сырт кийимди, чапанды тон деп да атай беришкен. Жоокерлер майданга көк адеми тон, чопкут тон, күрөөкө соот, күрмө, көк нөкөр, бөрк, ак күбө, көк күбө, жекей-боз, чайинки, беш кадырга, карыпчы сыяктуу кийимдерди кийишкен.
Жоокерлер жоо куралынан башка ар түрдүү тондорду, чапан-чапкыт, соот-чопкут, олпок, жаргак шым кийишкен, белге кемер курчанышкан. Жоокер тулпары. Байыркы убакта көчмөн тиричиликте болсун, бейпил жана бейпай күндөрү болсун, кыргыз баласынын күнү күлүк жылкы жаныбар менен бирге өткөн.
Кыргыз жоокерлери бөтөнчө аттарын бапестеп тапташкан, кээси бирден, кээлери экиден ат күткөн. Аттарын алдын ала суутуп, таңашырып, такалашкан жана эн тамга басышкан. Көчмөн кыргыздарда «ат - адамдын канаты» деген, ошондой эле жүздөгөн байыртадан келаткан макал-лакаптар, учкул сөздөр бар. Уруш маалында, майданда, кырчылдашкан талаада аты менен жоокердин сүйлөшкөнү, оор жарадар болгондо минген аты ээсин аяп, көз-жашын төгүп жанында турган, жоо келгенин сезип уйкудагы ээсин кишенеп, тиштеп ойготкон, тулпар жарадар жоокерди жерге жата калып, жонунан тиштеп үстүнө мингизген. Тулпар жөнүндө нечен деген аңызды, уламышты, макал-лакапты оозеки чыгармадан, санжырадан өтө көп жолуктурабыз.
Жоокер чаалыгып-чарчаганда, эрме чөлдө каны катканда, жанталашып атынын күрө тамырын тилип, канын ичип, жанын сактап калган учурлар бар. Ошондуктан Камбар-Атанын тукуму жөнүндө кыргыздарда өтө мыкты окуялар, сындар, керемет сөздөр айтылып келет. Кыргыздар жоокерчилик учурда жеңил атчандар жана оор жарактуу атчандар кошуунун күткөн. Жоокерчиликтин ишинде оор жарактуу атчандар майданга катышкан, ал эми жеңил атчандарды тез чабуулга, буктурмага пайдаланышкан.
Түштүк Сибирдеги эзелки кыргыздардын көрүстөндөрүнөн куржундардын көп табылышы, ошол элдин көчмөндүк турмушунда жылкыны көбүрөөк урунганын жана жоокердик жашоосун айтып турат.