Кыргыз күүсү (ыр)

Кыргыз күүсү (ыр)
СөзүК. Акаев
ОбонуУ. Сыдыков

Биздин мекен бакытка бай, шаңга бай,
Биздин мекен жарыкка бай, таңга бай.
Кайда барсам музыканын күүлөрү,
Кантип турам толкунданып ырдабай.

Уксам күүнү токтоналбай кетемин,
Учкан куштай ай-асманга жетемин.
Өзүм көргөн өзгөрүлбөс махабат,
Өздөштүр дейт татаал турмуш тереңин.

Кыргыз күүсү жалын жаштын кырдаалы,
Кыргыз күүсү махабаттын сырлары.
Кыргыз күүсү картайганды жашарткан,
Кыргыз күүсү өмүрүмдүн жыргалы.

Кошумча маалымат: Күү (музыкада)

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо