Бир жашка чейин бөбөк мейкиндикте заттар менен жөнөкөй аракеттерди аткарууга ээ болот. Ал отурганга, эмгектенгенге, каз турганга, кадам шилтегенге, заттарга умтулуп, ага жеткенде аны менен аракеттенип, кармалап көргөнгө, ыргытып, тоголотконго үйрөнөт. Бул кыймылдар жана аракеттер адамга таандык жүрүм-турумдун формасына ээ болуунун алгачкы баскычы болот. Мындай активдүү кыймыл жана аракеттер менен катар бөбөктүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган «аргасыздан» пайда болгон кыймылдар байкалат.
Бул колдун манжаларын соруу, өзүнө жакындаткан колду көрсө, аны кыймылдатуу ж. б. Активдүү жана аргасыздан пайда болгон кыймылдардын айырмачылыгы, биринчиси заттардын касиеттери менен таанышууга шарт түзөт. Экинчиси бөбөктүн сырткы дүйнө менен болгон мамилесине тоскоолдук кылат. Анткени манжаларды соруп, көрүү жана башка реакциялардын узак убакытка тормоздолушун пайда кылат. Кыймылдардын жана аракеттердин активдүү түрү чоз кишилердин бөбөктүн жүрүм-турумун уюштуруп, ага дайыма көзүл бурганда калыптанат жана психиканын өнүгүүсүндө маанилүү.
Айрыкча заттарды кармоо, кармалап көрүүсү, бөбөктүн мейкиндиктеги активдүүлүгү психиканын өнүгүүсүндө маанилүү орунга ээ болот. Кармоонун пайда болушу бөбөктүн өнүгүүсүнүн маанилүү этабы. Кармоо актысы биринчиден, кыймылдын көрүү аркылуу жөнгө салынышы, экинчиден аракеттин алгачкы багытталышын мүнөздөйт, үчүнчүдөн кармоо заттарды кармалап көрүүнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты.
Колдун кыймылынын өнүгүүсү анын кыймыл-аракетинин кайра түзүлүп, өркүндөшүнө маанилүү орунга ээ. Эз алгач бала затты кармай албаса да ага умтулат. Кийинчерээк заттарды кармоого көнүгөт, ал беш айында заттарды кармап калуу элементине ээ болот. Алты айында заттар менен багыттуу аракеттер калыптана баштайт.
Заттарды кармалоо (манипуляция) менен бөбөк, анын бардык жазы касиеттерине таянып, булл касиеттердин туруктуу өзгөчөлүгүн белгилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кабыл алуу предметтүү жана туруктуу мүнөзгө өтөт. Көрүү аркылуу кабыл алуунун негизинде сырткы болжолдуу аракеттин максаттуу акыл аракетине өтүү процесси каралат.
Кармоо актысы, заттарды кармалап көрүүнүн өнүгүүсүнүн негизги шарты. Беш айында бөбөктүн кармоо актысы толук калыптанат. Алты айында бөбөк колундагы затты кыймылдатып, ага көздүн кыймылын багыттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Жети айында затты кабыл алуу жана аны кармоо кыймылынын ортосунда байланыш түзүлөт. Алты-жети айлык бөбөк эмгектей баштаганда оюнчукка жетүүгө аракеттенип, аны кармоо үчүн алдыга жуткунуп жылат. Акырындык менен мындай кыймыл көп ирет кайталанып эмгектөөнүн ыгын пайда кылат. Эз алгач бөбөктүн жерге жакын пайда болгон кыймылы, кийинчерээк төрт аяктап эмгектөөгө өтөт.
Бөбөк басканга чейин турганга, бир нерсеге жөлөнүп туруп кадам шилтөөгө, өз алдынча туруп, же жөлөнүп басууга үйрөнөт. Эмгектеген бөбөктө басууга муктаждык сезилбейт, ошондуктан басууга зарыл кыймылдарды иштеп чыгууда чоз кишилер чечүүчү ролду ойнойт. Бөбөк алгач баса баштаганда, керектүү заттарга жетиш үчүн кайрадан эмгектейт. Чоздордун көмөктөшүүсүнүн натыйжасында бөбөк баса баштайт.
Кыймылдын бул түрүн бир жашынын аягында өздөштүрөт. Бөбөктүн заттарды кармап көрүүсүндө бир жаштын аягында маанилүү өзгөчөлүктөр пайда болот. Сырткы көрүнүшү боюнча бул аракеттер мурункудай болгону менен аракеттердин системасы өзгөрөт, мисалы, бөбөк мурун аракеттерди аткарууда чоздор көрсөткөн үлгүгө таянса, кийин өзүнүн аракетин башка заттар менен кайталайт. Бул куракта бөбөк өзүнүн аракетинин натыйжасын баамдай баштайт. Демек кармап көрүүнүн өнүгүүсү заттарга багытталып, кийинчерээк аракеттердин натыйжасына өтөт.
Р. Я.Абрамович-Лехтман бир жашка чейинки баланын заттар менен аракеттенүүсүндө 6 этапты бөлүп көрсөткөн:-«Алгачкы аракет» - 4-5 жума.-Сенсордук активдүүлүк - 1-3 ай.-Заттар менен аракеттенүү - 2,5-4 ай.-Жөнөкөй «натыйжалуу аракет» - 4-7 ай.-Ылайыкташтыруучу аракеттер - 7-10 ай.-Функционалдуу аракет - 1-12 ай.Бул аракеттердин этаптары шарттуу түрдө белгиленген. Анткени бир этап экинчи этаптан кескин түрдө чектелбейт. Заттар менен аракеттенүүдө баланын өнүгүүсү чоз кишилердин жетекчилигине байланыштуу булл этаптар болжолдуу түрдө каралат.