Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кундуз жаныбар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кундуз жаныбар

"Кундуз жаныбар" - дарыянын калың чөп, бадал өскөн обочороок жээгинен балыктардын калдыгын көрүүгө болот. Бул кундуз тойлогон жер. Кундуздун узундугу 70см болуп, денеси ичке, соймоңдоп ийилчээк келет. Анын жашоо-турмушу суу менен тыгыз байланыштуу. Ал кургакта эпсиз, ал эми сууда шамдагай, ылдам, эң сонун сүзөт жана чумкуйт. Кундуз балык менен азыктанат. Ал майда балыкты суу ичинен эле жейт.

Чоң балыктын астына өтүп барат да (балык төмөн жагын карай албайт жана астындагы коркунучту да байкабайт), аны шап илип алып жээкке сүйрөп чыгат. Бирок кундуздун балык жеген жерин тапкан менен анын өзүн көрүү өтө кыйын. Күндүз ал жээкке салган ийининен чыкпайт, аңчылыкка негизинен түн ичинде (түнүчүндө деп жазуу туура эмес) чыгат. "Кундуз жаныбар" көлмөдөн көлмөгө өткөн мезгилде гана кургак жерде көбүрөөк жүрүп калат. Жылына бир жолу төлдөө мезгилинде эне кундуз ийинин суудан окчун жерге казат. Кундуздун балдары көзү ачылбай араңжан болуп туулат, эне кундуз аларды абдан мээримдүүлүк менен багат. Балдарынын жанынан карыш да жылбайт, ал тургай ууга да чыкпайт.

Бирок балдары чоңойгондо, баары чогуусу менен ууга чыгышат. Аларга ата кундуз да кошулат. Балдары ата-энеси менен бир жылга чейин чогуу болушат, андан соң бош көлмө издеп кетишет. Мурда балыкчылар кундузду балыктын жырткычы катары эсепсиз кырып жиберишкен. Бирок кундуз толук жок болгон жерде да балык көбөйгөн эмес, айрым жерлерде балык таптакыр эле жоголуп кеткен. Чындыгында, кундуз - амалкөй аңчы. Андан ылдам сүзгөн балык да качып кутулуп кете албайт. Бирок кундуз дайыма эле ылдам сүзгөн балыкты кубалабастан, көбүнчө кача албай калганын кармап жейт. Адатта мындай балыктар ылаңга чалдыккандар болот.

Мындай балыктарды биринчи кезекте кундуз жейт да жугуштуу илдеттин таркалышына жол бербейт. Башкача айтканда, ал - суунун санитары десек да болот. Тилекке каршы, муну адамдар кундуз аз калганда, өтө кеч түшүнүштү. Кундузду жалгыз балыкчылар эмес, анын үлпүлдөгөн сонун терисин алуу үчүн мергенчилер да атышкан. Азыр "кундуз жаныбар" коргоого алынган. Аларды атууга тыюу салынган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2728, Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо