Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кунардуу уйларды багуу (өстүрүү)

Баш барак | Ветеринария | Кунардуу уйларды багуу (өстүрүү)

Уй чарбасы Кыргызстанда мал өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы болуп калды. Анткени сүт жана эт азыктары мал чарбасынан алынган баардык азык-түлүктөрдүн 60%нан ашат. Кийинки жылдарда кой эчкиге салыштырганда уйдун саны анча көп кыскарбай, фермердик жана дыйкан чарбаларында ийгиликтүү өстүрүлө баштады.

Акыркы жылдары биздин республикада 988000 баш уй, анын ичинен тубары 547000 болгон, же болбосо акыркы беш жылда жалпы саны 141000 ге, тубар уйлар 55000 башка көбөйдү. Бирок тоюттандыруу жана асылдандыруу начар болгондуктан, уйлардын сүттүүлүгү 1990-2005–жылдарга караганда 1000 кгга азайып кеткен.

Элдин этке жана сүт азыктарына болгон керектөөсү 60-62% гана канааттандырылууда, алардын өздүк наркы жогорулоодо. Демек, уй чарбасын мындан ары өркүндөтүү элдин экономикалык шартын оңдоого да бир кыйла өбөлгө түзмөкчү.

Башка малдын түрүнө салыштырганда уй баласы кесек тоютту абдан жогору пайдаланаарын, адам үчүн эң эле пайдалуу жаныбар экенин окумуштуулар тарабынан да, практика жүзүндө да далилденди жана дүйнө жүзүндө башка малдын түрлөрүнө караганда абдан көп таркаганы кокусунан эмес.

Кыргыз элинин белгилүү ойчул олуя адамы Калыгул айткан экен: «Уй пул болоор, кул бий болоор» деп. Мына азыркы заманда уй баласы сүтү, эти жана төлү менен бир үй-бүлөөнү багып жатканын уйдун баасы көтөрүлгөнүн көрүп атабыз. Ушуга байланыштуу айыл жерлериндеги элдер уй өстүрүүгө, фермердик чарба жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл бура башташты. Айрыкча Чүй өрөөнүндө менчик уйлардын саны да, сапаты да, бир кыйла көбөйө баштады.

Эми уй чарбасын күткөнгө жараша, тоютту, мээнетти жакшы актай турган сүттү жана эттүү уйларды өстүрүп көбүрөөк киреше алуу керектиги келип чыкты. Ал үчүн эмне кылуу керек? Эң биринчиден жакшы породадагы кунардуу мал күтүүдөн баштоо зарыл.

Уйдун сүттүүлүк сапаты жалпылап алганда 30-35%ды асыл тукумдуулук сапатына, ата тегине жараша, 25-30%ды малды жаш кезинен жакшылап өстүрүлүшүнө жана 30-35%ды сапаттуу тоюттандырылып багылышына байланыштуу болору аныкталган.

Ар бир фермер сүттүү уйлардын асыл тукумдуулугун сактап, төлүн көбөйтүп өстүрсө, келечекте Ала-Тоо уйларынан сүттүү тибинин негизинде сүт багытындагы жаны породаны чыгарууга көмөк көрсөтөөр эле. А силер билесиңерби? Ала-тоо породасындагы уйлар мыкты ден-соолугу менен башка породагы уйлардан айырмаланып турат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 752, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо