Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын

Күн чыгышым

Акыркы оңдоо:
Күн чыгышым (ыр)
СөзүТ. Кожомбердиев
ОбонуУ. Сыдыков

Улам карап туш тарапты элендеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым! Сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзуң, келем деп.

Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым келсең, боло күттүрбөй,
Салааланып саамай чачың бириңдеп.

Айлап-жылдап жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүмдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.

Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белеңдеп.
Күн чыгышым! Сага деген махабат,
Жүрөгүмө батып барат тереңдеп.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 7078, Оңдоо тарыхы
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо