Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турар Кожомбердиев

Баш барак | Биографиялар | Турар Кожомбердиев

Турар Кожомбердиев“Турар Кожомбердиев” 1941-жылдын 22-июнунда Чүй областунун, Жайыл районуна караштуу, Сары-Булак айылында туулган. Акын жана котормочу, 1968-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына лауреат. 1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1965-1966-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор, 1970-жылдардын 2-жарымында Маданият министрлигинде, жана 1976-1983-жылдары Республикалык методикалык борбордо бөлүм башчы болуп кызмат өтөгөн. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү ай» деген ат менен жарык көргөн. “Турар Кожомбердиев” — Бүткүл союздук фестивалдардын катышуучусу. 1965-жылы «Кызыл алма», 1966-жылы «Тоо үстүндөгү күн», 1968-жылы «Таңкы симфония», 1972-жылы «От өчпөгөн коломто», 1972-жылы «Эне жана от», 1973-жылы «Кызгылтым кеч», 1975-жылы «Нурлуу терезе», 1976-жылы «Токтогул ГЭСи», 1981-жылы «Ай тийген тоо», 1984-жылы «Ыр булак» жана башка ыр жыйнактары басылып чыккан. “Турар Кожомбердиев” метафоралуу ой жүгүрткөн, айлана-чөйрөнү өзгөчө баамдаган лирик акын, поэзия менен сүрөт жарата билген сезимтал сүрөткер катары да кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, көркөм табылгалар, жаңы темалар менен байыткан. Кыргыз адабиятында обонго ылайыкталган ыр жанрын өзгөчө бийиктикке көтөргөн. Калый Молдобасанов менен бирдикте «Саманчынын жолу» аттуу балет-ораториясынын, «Гүлдө Кыргызстан», «Шаңдан мекен» кантатанын, М. Абдраев менен бирдикте «Лирикалык хоровод», Т. Эрматов менен бирдикте «Элүү жылда элим жаңырды» аттуу кантаталардын тексттерин жазган. 70тен ашуун ырларына обон чыгарылган. Кожомбердиевдин айрым ырлары орус, украин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис жана башка тилдерге которулган. Кара-Балта шаарындагы борбордук көчөгө жана өзү туулуп өскөн айылындагы көчөгө, ошондой эле Сары-Булак орто мектебине ысмы ыйгарылган. “Турар Кожомбердиев” 1989-жылдын 30-январында Бишкек шаарында кайтыш болгон.

Сеңир мурут, алп мүчөлүү Турардын,

Ырлары да өзүнө окшоп алп тура.

Өчкөн өмүр ыры менен уланып,

Жүрөгүнүн токтогону калп тура.

Айла жок да, мейли кыска жашасын,

Калтырыптыр ыр саптардын тазасын.

Тирүүлөрдүн катарында калдайып,

Басып жүрөт ачып коюп жакасын.

Ал ышкырып тоодон желди чакырып,

Албуут шамал ыраң чөптү жапырып,

Күрөк менен оболото ыргытып,

Күндө турчу жазган ырын сапырып.

Али күнчө түсү оңбой желбирейт,

Ал көтөргөн поэзия желеги.

Анткен себеп ыпыр-сыпыр өтпөгөн,

Абдан майда ыр ылгаган элеги.

Аалы, Жолон талантыңды баалаган,

Акындыктын даңгыр жолун каалаган.

Ат жарышта нечен-нечен сүрмө топ,

Ашып келип сен көрүндүң маарадан.

(Казакбай Абдышев)

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 38942, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо