Ленинграддагы жайкы бакта тегерегинен дайыма балдар үзүлбөгөн бир эстелик бар. Ал креслодо терең ойлонуп олтурган карыя адамга арналган: анын бутунун алдында айбандар топтошкон сүрөт тартылган. Бул адамды Иван Андреевич Крылов деп аташат, ал эми айбандар - анын тамсилдеринин каармандары. И. А. Крылов узак өмүр сүрдү. Ал өз замандаштарына өтө жаккан бир нече күлкүлүү пьеса жазган. Курч маселелерди тайманбай көтөргөн журналдарды чыгарган. Петербургдагы китепканада 30 жыл иштеп, ал үчүн көп нерселерди жасаган. Бирок Крылов биринчи кезекте өзүнүн тамсилдери менен даңкы чыккан. Тамсил - бул ыр түрүндөгү анча чоң эмес чакан чыгарма.
Тамсилде акыл айтуу, кеңеш берүү (эмнени жасоо, эмнени жасабоо керек) же кандайдыр бир начар, жараксыз жорукту, жүрүм-турумду шылдыңдоо, мыскылдоо сөзсүз болот. Тамсил жомокко бир аз окшоп кетет: анын каармандары - адатта адамдар эмес айбандар же болбосо буюмдар. Бирок алар өзүн адамдардай алып жүрүшөт: сүйлөйт, иштейт, бири бирине жардам беришет же жолтоо кылышат. Тамсилдин дагы бир өзгөчөлүгү - анда дайыма жандуу көрүнүш сүрөттөлөт: кимдир бирөөлөр талашып-тартышат, чатакташат, жарашат. Эң кичинекей тамсилде да кимдир бирөөнүн ишинин ийгиликтүү болгондугу же оңунан чыкпай калгандыгы жөнүндө бүтүндөй бир аңгеме айтылып, аягында: эмне себептен башкача болбой ушундай болду, кимисиники туура, ким күнөөлү деген суроолорго жооп берип, жыйынтык чыгарылат. Дүйнөдө мыкты тамсилчилер көп. Крылов Россиядагы ушундай тамсилчилерден болгон. Крылов өз мезгили үчүн өтө маанилүү болгон темаларда тамсил жазган.
Анын тамсилдеринде ачкөз карышкырлар, жоош, момун койлор, табага түшкөн балыктар, амалкөй куу түлкүлөр, көпкөн макоо каздар, айбаттуу арстан жана башкалар сүрөттөлөт. Тамсилчи жатып ичер бекерпоздорду, коркокторду, куучирендерди, мактанчаактарды, кайрымсыздарды мыскылдаган. Крыловдун тамсилдери жөнөкөй жатык тил менен жазылгандыктан, оңой жатталат. Анын тамсилдеринен алынган көптөгөн сөз айкалыштары учкул сөздөргө айланып, өз алдынча калыптанып кеткен.