Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Корук

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Корук

Корук тууралуу маалымат. Адам колу тийбей алгачкы жаралган калыбында сакталган токой, чөл, талаалар жер жүзүндө жылдан-жылга азайып баратат. Табияттагы сейрек кездешүүчү кооз жерлерди жана андагы бардык өсүмдүк, жаныбарларды коргоп, сактоо үчүн мамлекет аларды "корук" деп жарыялайт. Коруктун аймагы табигый калыбында сакталгандыктан урпактар бул жерден жаратылыштын бүтүндөй кооздугун жана байлыгын көрө алышат. Корук - баарынан мурда жаратылыштагы илимий лаборатория. Мында окумуштуулар адамдын колу тийбеген жаратылыштын татаал мыйзамдарын изилдешет. Ар бир корукта өзгөчө көңүл буруп корголуучу өтө баалуу объектилер болот. Мисалы, Кандалакша коругунда канаттуулар базары менен гаганын (куштун бир түрү) уялары өзгөчө камкордукта коргоого алынган. Бул канаттуунун жүнү абдан баалуу. Беловеж калың токоюн ача туяктуу жаныбарлар - бугу, каман, эликтер мекендешет. Бул жерде токой алпы - жапайы зубрлар ээн-эркин жайылып жүрүшөт.

Воронеж коругунда кемчеттерди сактоого жана көбөйтүүгө шарт түзүлгөн. Украина талаасындагы Аскания-Нова коругунан Европанын кол тийбеген бетегелүү талаасын жана анда жашаган жаныбарларды көрө аласыз. Кавказ тоо капталдарындагы "корук" ичинде кийиктер менен зоо бөкөндөрү эркин жайылат, капчыгайларында сейрек учуроочу канаттуулар жашайт. Топ-топ болгон өрдөк, каз, жана ак куулар Каспий жээгиндеги Кызылагач коругуна кыштап, жазында алыскы тундрадагы өз уяларына учуп кетишет. Түркмөнстандын түштүгүндөгү Бадхыз коругунун ээн талааларын сымбаттуу антилопалар - жейрендер, жапайы эшек - куландар мекендешет.

Коруктар жонундо маалыматыбызды улай Кыргызстанда Ысыккөл, Сарычелек, Аксуу, Жети-Өгүз, Ала-арча өңдүү бир нече коруктар бар. Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө да көп коруктар түзүлгөн. Алар көбүнчө улуттук парктар деп аталат. Мисалы, Чыгыш Африканын саванналарына жайгашкан Серенгети улуттук паркы ондогон чакырымга созулат. Саваннанын көк-жашыл жайыктарында гну антилопасы, зебралар менен буйволдордун миңдеген үйүрү жайылып жүрөт. Арстандар күндүзгү ысыкта акациянын көлөкөсүнө баш калкалашат. Килейген пилдер дарактардын көгөргөн бутактарындагы жалбырактарды жулуп жеп, калың токой арасында каалгый басып жүрүшөт. Узун моюндуу жирафтар акациянын эң учундагы жалбырактарын искөө менен алек. Түрү суук кериктер талаадагы чөптөрдөн оттосо, эринчээк семиз бегемоттор эртеден кечке суудан чыкпайт.

Өзүнүн азыгы - антилопаны кармап жеш үчүн кара кулак шер (гепард) кээде саатына жүз чакырымга чейинки ылдамдык менен чуркайт. Ал эми кабылан табылгасына аңдып отуруп капысынан кол салат. Алган олжосун алагды болбой жай-баракат жеш үчүн дарактын башына алып чыгып кетет. Айланада учуп жүргөн кооз канаттуулар көп. Токуучу канаттуулар дарактардын бутактарына чырмап уя салышат. Бир эле дарактан жүздөгөн уялуу бүтүндөй бир канаттуулардын шаарын көрүүгө болот. Дарактын башында жылаңач моюндуу, түрү суук жорулардын арстандын жеминин калдыгына тоюнуу үчүн көздөрү кызаргыча аларды аңдып отурганын көрөсүң. Башка материкте - Австралияда "корук" жана коруктардын түзүлгөнүнө байланыштуу ушул мезгилге чейин андагы өзөндөрдөн өрдөк тумшук жана ехидна (тикендүү кичине жаныбар) сыяктуу жаратылыштын укмуштарын көрүүгө болот.

Корук деген эмне? Бул жонундо макалабыздын башында айтып кеттик. Кенгуру боорундагы чоң жумшак баштыгына өзүнүн баласын салып жүрөт. Жүүнү бош баштыкчан аюу - коала даракка чыгып, анын жалбырагын терип жейт. Ал коркунучтуу бир нерсени байкап калса, дарактын кол жеткис жерине чейин чыгып кетет. Кыргыз жергесиндеги коруктарда (Сарычелек, Ысыккөл, Нарын) жоголуп бара жаткан: кыргоол, кекилик, аркар-кулжа жана башка көптөгөн айбанаттар сакталып калды. Адамдардын көп коруктарды түзүүгө жетишкени эң жакшы натыйжа берди - андай болбогондо биз укмуштуу көп жаныбарларды жана жаратылыштын бир топ кереметин көрбөй калмакпыз.

Жайгаштыруу: 2018-05-11, Көрүүлөр: 6482, Өзгөртүлгөн: 2024-04-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо