Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кооз мукур

Бул чымчыкты кооз мукур деп абдан туура аташкан. Кооз мукур - сылаң короз чымчык. Маңдайы менен алкымы кызыл, капкара канаты ачык сары тилкелүү, жону күрөң, ал эми төбөсү, желкеси жана тумшугунун тегереги кара. Анын кызыл буттары бар, бирок алыстан кара түстө болуп, куйругунун үстү агарып көрүнөт. Ургаачысы бир аз бозомтугураак. Кооз мукур - токойдогу эң кооз чымчыктардын бири. Кооз мукур сейрек токой менен парктарды, айрыкча бадалдуу, мөмөсү дандуу жемиш бакты жана отоо чөбү калың жерди мекендейт. Ал ушундай жерден тамактанат. Кооз мукурлар күзүндө, кышында жер которушат, бирок алыс жакка учуп кетишпейт.

Алар Евразияда, Африканын түндүк батышында, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк жерлеринде кездешет. Кооз мукурдун уясы - ичке бутакчалар менен өсүмдүктөрдүн тамырларынан токулган өзүнчө бир чебер курулма. Уянын ичине жылкынын жалы, куйругунун кылын, жүн менен аралашкан өсүмдүктүн жумшак бүрүн, куштардын мамык жүнүн төшөйт, ал эми сыртын эңилчек, кайыңдын жука кабыгы менен каптайт. Шактуу дарактын учуна салынгандыктан, аны эч ким көрө албайт. Кооз мукурду көбүнчө үйдө капаста багышат.

Кооз мукур өзүнүн балапандарын (4-6) курт-кумурска берип азыктандырат, өздөрү урук менен тамактанышат. Зыяндуу курт-кумурскаларды, айрыкча чөп мителерин жок кылып, айыл чарбасына пайда келтирет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 502, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо