Коомдогу мамилелер жөнүндө түшүнүк


Илгертен баштап эле адам баласы топ-тобу менен жашап, жырткычтардан бирге коргонушуп, бирге аң улоого чыгып, бирге балдарын багышкан, коомдук жашоого ээ болгон. Коомдо жашаган ар бир адам белгилүү милдеттерге жана укуктарга ээ болот. Ошол милдеттер жана укуктар коомдук мамилелердин маңызын түзөт. Адамдардыкындай эле коомдун көптөгөн муктаждыктары бар. Коомдук муктаждыктар айрым учурда гана жекече адамдын муктаждыгына шайкеш келбесе, көбүнесе коомдун кызыкчылыгы көп адамдын кызыкчылыктарынан калыптанат. Мисалы, жаш муундарды тарбиялоо, билим берүү, душмандардан коргонуу, коомдо тартипти сактоо. Адамдын башка адамдарга, коомго болгон милдеттери коомдук функциялар деп аталат, мисалы, окутуучу балдарды окутат, өзүнүн билимин өнүктүрөт, окуучуларга жылуу, сыпайы мамиле жасайт жана башка. Булардын баары окутуучунун коомдук функциялары. Функциялардын иреттүү жыйындысы коомдук ролду аныктайт. Бир эле адам адатта көптөгөн коомдук ролго ээ. Окутуучу бир эле мезгилде атанын же эненин, күйөөсүнүн же аялынын, бирөөнүн баласынын же кызынын, агасынын же инисинин, эжесинин же сиңдисинин коомдук ролдорун аткарат.

Өмүр бою адам жаңы коомдук ролду өздөштүрөт. Бирок, коомдук ролдор менен таанышуу аларды өздөштүрүү балачак мезгилде өтөт, анткени адамдын инсандык сапаттарынын 70% бала кезинде калыптанат. Эгерде адамдын баласын жаныбарлар өстүрүп чоңойтсо (мындай балдарды “Маугли” же “Жунгли баласы” деп аташат), алар адамдык сапатка ээ болушпайт. Мындай балдарды биринчилерден америкалык илимпоз Кингсли Дэвис изилдеген. 1940 жылы Индияда 8 жашар жана 1,5 жаштагы эки кыз табылган. Алар карышкырлардын арасында чоңоюп, төрт аяктап басышчу, тамакты жээрден мурун жыттачу, жылмайганды же күлгөндү билишчү эмес, ой жүгүртүүгө жана сөз сүйлөгөнгө жөндөмсүз болгон. Коомдук ролдорду адам өз алдынча өздөштүрсө да, бул кубулушту коом көзөмөлдөйт. Мындай көзөмөлдөө коомдук көзөмөлдөө деп аталат.

Мунун негизги эки элементи бар: коомдук нормалар жана коомдук санкциялар. Коомдо өзүн туура алып жүрүү үлгүсү коомдук норма, ал эми башка адамдар жактан кишинин жүрүш-турушун жактыруу, кабыл албоо - коомдук санкциялар деп эсептелинет. Мисалы, сабакка өз убагында келүү - бул коомдук норма. Кечиккен окуучуга окутуучу коомдук санкцияларды колдонуп ага сөгүш берет же сабакка киргизбей коёт. Айрым коомдук нормаларды адам көздөбөсө болот, башкаларын көздөгөнгө аракет кылат, үчүнчүлөрүн сөзсүз түрдө аткарууга милдеттүү. Ошого жараша нормаларды көнүмүштөргө, этикетке, салттарга, адеп-ахлактарга, мыйзамдарга бөлсө болот. Эгерде көнүмүштөргө адам баш ийбесе, анда ага чоң санкция колдонулбайт, салттарды, адеп-ахлактарды көздөбөсө элден чыгып калат, мыйзамды бузган киши түрмөгө камалып калат. Көп адамдардын ою боюнча санкциялар бул жазалоо ыкмалары.

Бирок, санкциялардын башка түрү да бар, мисалы кол чабуу, сыйлык берүү, иштен жогорулатуу - оң санкциялар. Өсүп-өөрчүүдө коомдук нормаларды адам терең өздөштүрөт. Ошол себептен ар бир адам өзүнүн жүрүш - турушун нормалар менен салыштырып көзөмөлдөп жүрөт.

2016-06-09 2358 Бала гигиенасы жана тамактануусу Жыргалбекова С. 2016-06-09