Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коомдо өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери

Коомдук нормалар бир эле мезгилде коомдо өзүн өзү алып жүрүү эрежелери болуп саналат. Мындай эрежелердин саны абдан көп, бири-биринен мааниси боюнча айырмаланат. Түрдүү коомдун, элдин жашоосу ар кандай, бирок көп учурда коомдук нормалары окшош болот, себеби адамзатынын коомдук нарктуулары бирдей. Айылда жашаган адамдардын жашоо мүнөзү шаарда жашаган адамдардыкынан айырмаланса да, алардын коомдо өзүн өзү алып жүрүүсү бирдей эрежелерди көздөйт. Жашоо мүнөзү адамдардын көнүмүштөрү менен байланышта. Тамакты кашык же вилка менен жейбиз, төшөккө жатып уктайбыз, жатаарда жана эртең менен тишибизди тазалайбыз, даарат алгандан кийин колубузду жууйбуз жана башка - булар биздин көнүмүштөр. Кандайдыр бир аракетти көп жолу кайталасак, ал көнүмүшкө айланат. Көнүмүштөр абдан көп, адатта аларды адам ойлонбой туруп эле итттке ашырат. Көнүмүштөрдүн көбүнө тегеректеги адамдар көп көңүл бурбайт, бирок кээ бир көнүмүштөр терс мүнөзгө ээ, мисалы, катуу сүйлөө, шорулдатып тамак ичүү, тазалыкты сактабоо ж. б. Мындай көнүмүштөр адамды кооздобойт жана башкаларга жакпайт.

Ошондуктан балдарда терс көнүмүштөр пайда болгонго жолтоо кылуу керек. Туура көнүмүштөрдү балдарга үйрөтүп, биринчи убакытта ошол аракеттерди так аткарганына көз салуу керек. Көнүмүштөр жекече мүнөзгө ээ болсо, адаттар элдин көбүнө таандык, мисалы улууларды сыйлоо, конокту тосуу, Жаңы жылды, Ноорузду майрамдоо. Эгерде көнүмүштөргө адамдар кайдыгер мамиле жасаса, адаттарды аткарбаган адамга тегерегиндегилер терс мамиле жасайт: жактырбайт, сыйлабайт, мамиле түзбөйт. Адаттарга балдарды үйрөтүш үчүн алар менен маек куруп, адаттын пайда болгонун, анын оң жагын түшүндүрүү чоң өбөлгө болот.

Мындан башка коомдо өзүн-өзү алып жүрүү эрежеси катары салттарды кармоо эсептелет. Муундан муунга өткөн көнүмүштөр, адаттар бара-бара салттарга айланды. Элдин жашоосунда эң маанилүү салттар жана көнүмүштөр кийинки муундарга оозеки же жазылган мурастар аркылуу берилчү. Мектепке чейинки балдар өзүнүн турмушунда салттардын көбүнө күбө болушат, мисалы балдарды бешикке салуу, үйлөнүү салты, эркек балдарды отургузуу жана башкалар. Бала өзү эле бул нерселерге көңүл буруп, көптөгөн суроолорду берет, ошондуктан баланын суроосун четке какпай, салтты түшүндүрүп берсе, анда бала салттарды сыйлаганга үйрөнөт.

Адеп-ахлактар - деп моралдык мааниге ээ болгон адаттар аталат. Бул адаттар адамга таандык болгон жогорку инсандык касиеттердин калыптанышына чоң көмөк көрсөтөт, мисалы, ар-намыс, уят-сый, урматтоо-сыйлоо жана башкалар. Кайсы адаттар адеп-ахлактар деп аталышы элдин жашоо мүнөзүнө көз каранды. Бирок мындай адеп-ахлактар кандай болбосун, аларды бузган адам коомдон чоң жаза көрөт. Ошондуктан баланы кичине кезинен баштап адеп-ахлактарга түшүндүрүп тарбиялоо керек. Адеп-ахлактардын негизинде ар бир өлкө мыйзамдарды иштеп чыккан.

Өкмөт тарабынан иштелип, кагаз жүзүнө түшүргөн жүрүш-туруштун эрежеси мыйзам деп аталат. Мындай эрежелерди ар бир адам сактаганга милдеттүү, анткени мыйзамды бузган адам жоопкерчиликке тартылып, сот тарабынан жазаланат. Эгерде кичине кезинен баштап бала адеп-ахлактарды билип түшүнсө, чоңойгондо мыйзамды бузбайт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 9218, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо