Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Конвейер

"Конвейер жонундо маалымат". Самолёт конгону келе жатты. Мына анын дөңгөлөктөрү конуу тилкесине тиери менен акырындап барып токтоду. Жүргүнчүлөр чемодандарын алууга аэровокзалга бет алышты. Самолёт (учак) менен жүздөн ашык киши келди. Алардын ар бирине жүктөрүн кезек менен берүүгө канча убакыт кетерин элестетип эле көргүлөчү? Бирок жүргүнчүлөр көп күтүшкөн жок. Кенен залдын дал ортосуна эндүү резина тасма тартылган. Анын бир учу дубалдагы терезеден бери көздөй жылып, чемодан, портфель, сумкаларды алып келе баштайт.

"Конвейер жонундо маалымат" улай айтсак, бир нече мүнөттөн кийин эле акыркы жүргүнчү тасмадан жүгүн алып, залдан чыгып кетет. Бул эмне деген тасма? Ал эмне үчүн тынымсыз жылып турат? Бул - конвейер. Тасманын эки жагы кадимки велосипедтин чынжыры сыяктуу эки барабанга тартып кийгизилген. Айырмасы: велосипедтин чынжыры атайын тиштүү дөңгөлөктөргө кийгизилсе, конвейердин барабандары жылмакай келет. Тасманын жылышы үчүн электр кыймылдаткычы барабандардын бирөөнү айландырат. Барабан айланганда тасма үстүндөгү жүгү менен кошо жыла баштайт. Конвейер менен жүктөрдү гана эмес көмүрдү, кен рудаларын, кумду да ташууга болот.

Бардык завод-фабрикаларда конвейер - табылбаган жардамчы. Цехтен цехке тетиктерди, мешке көмүрдү жеткирүүдө, темиржол платформасына кум төгүүдө ага кайсы машина тең келе алат. Конвейерде автомобилдин тетиктери чогултулат. Адегенде ага автомобилдин негизги бөлүктөрүнүн бири - рама орнотулат. Конвейер жылып, раманы бир бригададан экинчи бригадага алып келет. Жумушчулардын бирөө рамага кыймылдаткычты, экинчиси дөңгөлөктөрдү, үчүнчүсү эшиктерди орнотот. Конвейер аяктаганда андан баягы раманы эмес, даяр автомобилди көрөсүң. Конвейерлер ар түрдүү болот.

Ысык нерселерди, мисалы, эриген темирден жаңы эле куюлуп жасалган рельстерди, ар түрдүү тетиктерди ташууга арналган конвейерлер да бар. Алардын тасмасы албетте резина эмес! Тасма темирден жасалат. Айрым конвейерлер жүк көтөрөт. Андай учурда тасманын ордуна чынжыр иштейт. Алар, маселен, кар тазалоочу машиналарга орнотулат. Машинаны күрткү карга такай токтоткондо, анын иймек калакчалары карды бир четинен шилеп, жүрүп турган конвейерге салат, ал карды жогору көтөрүп, жүк ташыгыч машинага жүктөйт. Конвейерлер адамдарды да ташый алат. Мисал катары - метродогу укмуштуу тепкичтер - эскалаторлорду айтсак болот. "Конвейер жонундо маалымат" ушундай урматтуу окурман.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-17, Көрүүлөр: 622, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо