Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кондитердик фабрика

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кондитердик фабрика

Күн сайын "кондитердик фабрика" мекемесине үймөк-үймөк жаңгак, челек-челек жемиш маңызы (пюреси) менен ширесин, кап-кап кумшекер менен тоскокту, бал, жумуртка, сүт, каймак, кофе, какао жеткизип турушат. Булардын баары эң таттуу тамак экендигинде күмөн жок! Ал эми булардан жасалуучу азыктар - шоколад, вафли, конфет, карамель, ирис, печенье, торт андан да таттуу эмеспи.

Мисалы, карамелдин кандай жасала тургандыгын алалычы. "Кондитердик фабрика" адегенде автоматтар белгиленген өлчөм менен казанга кант салып, суу куят. Андан таттуу кайнатма шире (сироп) даярдалып, ал насос аркылуу карамель цехине жиберилет. Бул жерде кайнатма шире коюланып, илээшкек кошулмага айланганга чейин кайнатылат.

Машиналар бул кошулманы зыянсыз боёк жана жыпар жыттуу жемиш эссенциясы менен аралаштырылат. Карамель өтө таттуу болуп кетпесин үчүн ага бир аз лимон кислотасы кошулат. Даяр кошулма автоматка жиберилет. Автомат карамель кошулмасын тасма сыяктуу чоюп, аны бирдей өлчөмдө майдалап кесет.

Ар бир кесим сүрөттүү кооз кагаз менен кош кабаттап оролот. Даяр болгон карамель пулемёттон атылган октой: мүнөтүнө 400 даанадан чыгып турат. Фабрикада ар түрдүү автоматтар көп. Бири жөнөкөй карамелди, экинчиси шоколадды, үчүнчүсү иристин ар түрдүү сортторун жасайт. Атайын машиналар шоколад куюп, конфет кабыктап, вафли бышырат... Эртеден кечке фабриканын дарбазасынан жүк ташуучу машиналар тынымсыз чыгып турат. Алар бардык адамдар, айрыкча балдар жакшы көргөн таттуу азыктарды тонналап ар тарапка ташыйт. "Кондитердик фабрика" жонундо маалымат аз болсо бизге билдирип койгула.

Жайгаштыруу: 2018-04-24, Көрүүлөр: 928, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо