Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коко мерен уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Коко мерен уламышы

Илгери-илгери өткөн бир замандарда ушул азыркы Нарын турган жер учу-кыйры көрүнбөгөн чытырман түнт токой болуп, анда не бир түркүн жан - жаныбарлар күн кечиришип, не бир сонун түмөн түрлүү канаттуу куштар безеленип сайрап турчу дешет. Мына ошол ажайып бейиш бакты мекендеп, анчылыкты кесип туткан кыргыздардын моңол деген уруусунан Коко аттуу ары балбан, ары көзгө атар мерген чыгыптыр. Ал ата кесибин улантып, мергенчилик менен күн кечирип жатканда, өзүнүн жериндеги азырак элди кара тумоо, чечек, сынга, мороо сыяктуу дабаасыз дарт каптап, жумурай журттун тынчын алат.

Ошондой дарттын зардабынанбы же жоокерчилик замандагы уруулар ортосунда тез-тез болуп туруучу кандуу кагылышууларданбы, айтор, эл абдан кыйналат, бирок ырыстуу ынтымакчылыктан, касиеттүү кайрымдуулуктан кайтышпайт, бири-бирине кол кабыш кылып, журт уюткусу бөлүнбөйт. Ошондой күндөрдүн биринде Коко мерген аң уулоого барат, бирок көзүнө эч нерсе чалдыкпай, колуна мүдүр нерсе урунбай, ойду-тоону бүт кыдырып, арып-ачып келе жатса, алдынан бир буту ойт берип чыга калат. Мерген анын сонунан түшүп кубалап, жаасын тартып калат, кийик жараланганына карабай карагай аралап качып олтурат. Баатыр из кубалап артынан барса, кийик бир асканын түбүнө ташка жыгачтан желеп, үстүн карагай, арчанын бутактары менен жаап жасалган жарты алачыктын жанына токтойт. Ангыча жарты алачыктан тери шым, кемсел, башына малакай кийген бир байбиче чыгып, ага аралдуу кийикти көрсөтүп:

- Мен кайберендин ээси болом. Сен элимди багам деп, кайберендерди эсепсиз кырып тукум-курут кылдын, кайберендердин учугу уланбас болду. Касиеттүү кайберен эненин каргышына калдын. Мындан ары өзүн кырган кайберендерге жем бол, деп батасын берип, көздөн кайым болот. Ошондо элин багам деп анчылык кылып, бирок табияттын мыйзамын бузуп, кайберендерди ашыкча бүлгүнгө учураткан Коко мерген чөпкө айланып, жараланган кийик болсо, аны жеп сакайып кетет. Ушундан улам бул чөптү эл Коко Мерген деп жүрүп, бара-бара кокомерен аталып, жабыркаган жарааттарга шыпаа, дабаасыз дарттарга дабаа болуучу чөп чай катары бааланып, колдонулуп келет. Кокомерен гүлүнүн көк болгону Коко мергендин мылтыгынын көк экенин билгизет имиш.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 4771, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо