Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана кой

Баш барак | Гороскоп | Кой жана кой

Кой менен кой түгөйүнүн өз ара карым-катнаш мамилелеринин ийгилиги сейрек болот. Көбүнчө, бул биримдик, лидер болуу күрөшүнө толгон, өз ара жемелешүү, кежирленүү жана уруш-талаштардын бирикмеси.



Ошого карабастан, ар бири өз өнөктөшүнүн көчүрмөсү экенин сезип, өзүнө жасаган мамиледей мамиле жасаса, бул түгөйлөр арасындагы мамилелердин бекемдиги менен башкаларды таң калтыра алат. Башкысы, жуурканды өз тарабыңарга тартпай, өз өнөктөшүнүн лидерлигин да моюнга алуу керек.



Өз иш-аракеттеринде Койлор импульсивдүү келет, жана өзүнүн кылык-жоруктарынын себеби эмнеде экенин аягына чейин түшүнбөй, көпчүлүк учурда биринчи жасап туруп, андан соң ойлонот. Койлордун идеалдуу түгөйү бул - өз максаты жана амбициясы бар адам эмес, бул - кыңк этпей, анын бардыгын жасай аларына моюн сунган жана анын артында болуп, же жардам берүү менен чогу жүргөн адам. "Же мени менен бол, же такыр жок бол" - Мына Койлордун девизи!



Ошондуктан Койлордун биргелешкен жашоо-тиричилиги лидерликке болгон күрөшкө айланат. Качан эки Койдун бирөөсү гана өз ыктыяры менен жол бошотуп, экинчисине баш ийгенде гана бул түйгөйлөрдү ийгилик күтөт. Эгер эки Кой тең бири-бирине тоскоолдук кылбай өз максаттарын ишке ашырууга умтулушса, анда булардын мамилелери сүйүүдөн кызмат мамилелерине айланат.



Башка түгөйлөргө караганда бул түгөйдө өз ара тил табышуу жакшы болорунда шек жок, анткени өзүн өзү түшүнө билүү оор эмес. Бирок, бир жагынан караганда эки бири-бирине окшош адам бат эле бири-биринен тажай баштайт. Ошондуктан, көптөгөн Кой түгөйлөрү эртеби, кечби барыбир бири-биринен ажырайт. Көп учурда мындай кырдаалдар тынч атмосферада өтөт.



Ушундай болуу менен, мындай түгөйлөрдүн жашоосу көптөгөн факторлор менен кыйындайт, бирок баары мүмкүн! Эки Койдун гармонияда жашоосу үчүн, ар бири өзүнөн аттап, өнөктөшүнүн жеке максаттарын жана эркиндигин мойнуна алышы зарыл. Мүнөздөрдүн жана кызыкчылыктардын окшоштугу мамилелерге жакшы фундамент болушу мүмкүн, жана фундаменттин цементи өз ара баш ийүүлөр жана өзүн-өзү кармоо болот. Эки кежирдин үйү жай жана оор курулат, бирок акыр-аягы бекем жана күчтүү болот. Мындай биримдиктен жаралган түгөйлөр өзүлөрүнүн максаттуулугу, жашоодогу кубаттуулугу жана кыйынчылыктарды жене билүүсү менен баардыгын таң калтырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1078, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу