Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана тараза

Баш барак | Гороскоп | Кой жана тараза

Кой жана Тараза түгөйлөрү - бирден бир карама каршы айкалыш. Ошону менен бирге Таразалар сезимдерде эмне болуп жатканын жакшы түшүнүү аркылуу, көбүнчө эпке биринчи барат. Ал эми койлор үчүн мындай союз - оор эксперимент, таразалар менен кантип өзүн алып жүрүүнү ажырата билүү үчүн, ага убакыт талап кылынат.



Койлордун жалыны Таразалардын жайдыгы менен сууйт, анын алоолонгондугу таразалардын эс-акылдуулугу менен тынчтанат. Бирок бир жагынан караганда - карама-каршылыктар тартылат, ошондуктан Таразалар менен Койлор арасында никелешүү көп кездешет.



Бул эки өкүлдүн дуэти лидерликке умтулуусу жана күч-эркиндикке көз караштары менен айырмаланат. Ошондуктан, булар компромисске келишпейт жана мамилелеринде келечек аз. Мындай союз тең укуктуу гана союз болушу мүмкүн, булар бири-бирин толуктап турган эки бөлүк. Өз-өзүнчө болушпай, ынтымакташып бир болушса алар турмушта эки эсе көп нерселерге жетишет. Таразалар жашоодогу аркандай кырдаалдарды аябай жакшы сезип-туюят жана бир нече көз караш менен көрө алышат. Койлор болсо активдуу ишмерлер. Таразалардын сезип-туюуусу аркылуу багытталган чечкиндүү койлор, кандай гана тапшырма болбосун, ишке ашыра алышат.



Сыпайлуу жана адептүү Таразалар жайдары жана чечкиндүү койлордун компаниясында өзүлөрүн жайдары сезишет. Койлор ишмердүүлүктү жакшы көрүшкөндүктөн, көп эмгектенишет, таразалар болсо койлорду туура эс алганды үйрөтө алышат. Жашоодого жетишкендиктердин ишке ашуусу болуп, кой менен тараза биргелешип идеалдуу үй курганга жете алышат. Алардын мамилелери дайыма сүйүүдөн достукка, достуктан өнөктөштүккө, өнөктөштүктөн кайра сүйүүгө улам алмашып турат.



Бул түгөйлөр карым-катнаштарынын түпкүрү - тең салмактуулуктун жана толкундоолордун алмашуусунда. Сезимдердин жана мамилелердин гармониясын сактап калуу үчүн, Кой менен Таразаларга бардыгын өз кезектүүлүгү менен жасаганга аргасыз болушат. Жумушта ар бири лидер болууга, экинчисин кем кылбай, көбүрөөк акча каражатын табууга умтулушат, ушуга себептүү, булар акырындан, бир кадамдан улам өйдөнү карай чыга берет.



Узак убакытка союз куруу, тараза жана койлорго ишенимдүү өнөктөштүк мамиле тургузуу зарыл. Мындай мамиле алар үчүн сүйүүдөн же достуктан да маанилүү. Ошондуктан бул түгөйдүн катышуучуларына бир иштин ийгилигине жетиш үчүн дайыма бир нерсесинен баш тартуу зарыл. Бул процесс оңой эмес, бирок жыйынтык, кетирген күч аракетин актап, бул өнөктөштөр бири-бирин толуктап бир бүтүн болуп калышат. Булардын союзу көп жылдар бою бирден ташын коюп кура турган таш дубал сыяктуу бекем жана ишенимдүү. Бири-бири менен баарлашып, Тараза менен койлор бир көз карашта болушат, андан сон бир багытта бара жаткандыгын сезишет. Алар бири-бирин багыттап, бири-биринин күч-кубатын координациялап турушат. Акыр аягы, бул түгөйлөр идеалдуу болуп калышы мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1324, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо