Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кой жана балыктар

Баш барак | Гороскоп | Кой жана балыктар

Абдан ийгиликсиз айкалышуу. Бул - бир кызыктай, оор жана аз кездешүүчү биримдик. Мындай биримдик кандайдыр бир идеяда сакталышы мүмкүн (диндик же жашоодо биргелешип бир ийгиликке жетүү идеясы). Өзүнүн темпераменти менен Койлор Балыктарды өзүнөн түртүп турат. Булардын жашоодогу максаттары жана принциптери таптакыр ар башка. Эки белгинин өкүлдөрүнө бири-бирин түшүнүү табиятта буюрган эмес. Кой менен Балыктардын биримдиги оор, көптөгөн жараланууларга, таарынычтарга жана жагымсыз окуяларга толуп турат. Сезимталдуулук жаатында такыр башка жашоодо жашашат деп айтсак болот.



Ишенбөөчүлүк жана алдамчылык бул мамилелерде көп учурда толук ажырашууга алып келет. Балыктар дүйнө гармониясын жана идиллияны бузгусу келбейт, ошого себептүү Койлордун өзүн көрсөтүү умтулууларын, кандай гана болбосун, терс кабыл алат. Ушуга карабастан, Балыктар Койлор менен компромисске барууга аракет кылат, бирок болгон аракеттердин баары текке кетет. Балыктардын башкарылгыз принципиалдуулуксуздугу, ачык мүнөздүү койлордун чыдамын кетирет. Кызык, бирок бул биримдикте Балыктарга карганда, Койлор эң ынгайсыз оор абалда болушат. Анткени, үй-бүлөөнүн материалдык абалынын жоопкерчилиги, бүт оорчулугу менен койлордун мойнуна түшөт. Үй-бүлөөлүк бюджетти толтуруу үчүн койлор жонунан тер чыкканча иштейт. Башкача айтканда, өз ара мамилелерди сактап калуу үчүн, өзүн унутуп, Балыктар ойлоп тапкан рамкада кармалууга аргасыз болот. Акыр-аягы Койлордун чыдамы чекке жетет, ошондо ал түшүнүксүздүккө байланган чынжырдан арылууга аракет кылат. Бирок, ушундай татаал биримдик да жашоого укуктуу. Балким, Балыктар менен Койлордун бири-бирине окшобогондугу аз да болсо бири-бирине тартылат.



Балыктар өзүнүн майдачылдыгы жана негизсиз критикалары менен байкабай Койлордун жашоосун бузуп алышы мүмкүн. Айтып коюуу керек, бул биримдикте Балыктарга да таттуу жашоо жок. Балыктын сүйүүсү Койлорду тупикке алып келип, чыгармачыл башатынын өнүгүшүнө тоскол болот. Ошондуктан, койлор өз ишмердүүлүгүнө Балык тарабынан тургузулган рамка ичинде чектөө коет, а бул анын ички дүйнөсүнүн тең-салмактуулугун жоготууга алып келет.



Табияты боюнча Кой менен Балыктар - мүнөздөрү ар башка адамдар, бул абал - алардын мамилелеринде чоң жагымсыз из калтырат. Койлор, тааныш достору көп, абдан активдүү жана мамилечил. Балыктар болсо, өзүнчө обочо жашоону жана тынчтыкты сүйүшөт.



Көп убакытка биргелешип жүрүү эмоционалдык чыңалуунун көбөйүшүнө алып келет. Ошондуктан бирге жашаган жашоо театрында, драмалык сценалар көп болот.



Башка идеалдарга умутулуу жана өз принциптеринен тайбасын каалабастык бул түгөйлөрдү караңгы бурчка алып келиши мүмкүн. Бирок баарынарга белгилүү болгондой, чечилбеген абалдан да чечим тапса болот. Эгер балыктар калп эле байкуш боло бербесе, а Койлор болсо кадам сайын эле кыжырлануусун токтотсо, анда түйшүктүү үй-бүлөө жазда чыккан гүл сыяктуу гүлдөйт. Мындай оңой эмес мамилелерде, компромисстерди таба билүү жана бири-бирине кайрылышуу маанилүү.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 967, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо