Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коз танмай

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Коз танмай

"Коз танмай" кыргыз айылдарында балдардын кеңири тараган оюндарынын бири болгон. Аны азыр деле кээде ойноп калышат. Бул оюнду ойноонун ыгы ар кайсы жерде ар кандай, негизги түрүнүн эрежелерин кыскача баяндап берели. Биринчи түрү. Бир бала менен бир кыздын көзүн таңып, аларды ортого жетелеп чыгып, балага: кызды карма деп, кенендиги 8 м алкактын ичине коё берет. Бала кызды таап кармаса бир упай алат, кармай албаса, упай кызга ыйгарылат. Экинчи түрү. Эки командадан бирден бала чыгат, алардын бирөө - эркек, бирөө - кыз болгону дурус. Экөөнүн тең көзү жоолук менен таңылып, колдоруна эшилген жоолук карматылат, бириңди-бириң жоолук менен чап деп, тегерек чийиндин ичине киргизет. Арадан 2-3 мүнөт өткөндөн кийин, калыс аларды токтотот.

"Коз танмай" оюнунда эгер экөөнүн эч кимиси бири-бирин жоолук менен чаба албаса, экөө тең бир упайдан алышат. Эгер бирөө бирин чапса, чапканга бир упай берилет, токмок тийгенге упай жок. Үчүнчү түрү. Тегерек чийиндин ичине оюнга катышкандардын бардыгы кирет. Көзү таңылган адам калгандарын кармоого аракет кылат. Калгандары үн чыгарбастан андан качышат, бирок белгиленген алкактын ичинен эч ким чыга качууга тийиш эмес.

Ким бир да жолу карматпаса, жеңиш ошонуку болот. Төртүнчү түрү. Көзү таңылган адам тегерек чийиндин ортосуна келип турат. Калгандары ага акырын басып барып, анын колун же ийинин кармашат. Көзү таңылган бала ошол кармаган ар бир баланын атын аташ керек. Кимдин аты табылса, ошонун көзү таңылат. Эгер көзү таңылган бала көпкө чейин алардын атын таппай койсо, анын орду алмаштырылат. Бешинчи түрү.

Аянтчанын ортосуна бакан орнотулат. Эки тайпадан кезек менен улам бирөөнүн көзү таңылып, белги берилгенде, алар ортодогу баканга жөнөшөт. Түз барып баканды кучактаганга упай берилет. "Коз танмай" деген ушундай оюн. Макала жонундо маалыматты кыргызчалап дайындаган Акбарбеков С.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-04-16, Көрүүлөр: 1691, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо