Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көтөргүч кран

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Көтөргүч кран

Үй курулууда, деги эле курулушта көптөгөн ар түрдүү машиналар иштөөдө. Алардын эң негизгиси - көтөргүч кран. Анын болот мунарасы үйдүн үстүнөн бийик көтөрүлүп турат. Кран оор бетон плиталарын, устундарды, кыш, цемент аралашмасын көтөрүп, өзүнүн узун кол сымал жебеси менен курулушчуларга алып берет. Күндөн күнгө үй бийиктейт, аны менен кошо кран да өсөт. Анын мунарасы улам жогорулайт. Мунаранын жогорку бөлүгүндөгү кабинада кранчы олтурат. Ал крандын механизмдерин башкарууда. Кыймылдаткычтардын бирин иштетти эле, оор плита акырын жогору көтөрүлө баштады. Башкасын иштеткенде крандын жебеси бурулуп, плитаны керектүү орундун дал өзүнө жеткирди.

Бирок жүктү жогору көтөрүүдөн мурун аны крандык илгичине түшпөгүдөй бекем илүү керек. Мындай жооптуу иш көрүнгөнгө тапшырыла бербейт. Аны атайын жумушчулар - такелажчылар аткарат. Андан кийин кранчыга жүктү кантип көтөрүү, кайда алып баруу керектигин кол менен жаңдап көрсөтөт же радио байланыш менен айтылат. Көтөргүч крандар аткаруучу оор жумуштар көп. Бир жерде чоң даракты башка жерге көчүрүп тигүү керек болсо, башка жерде жоон түтүктөрдү траншеяга салуу керек.

Мындай жумуштарды аткарууда автомобилге орнотулган кран жардамга келип, домкрат-тамандары менен жерге бекем таянат да, ишке киришет. Автокранга жол керек. Ал эми жол жок жерлерде каз таман жүргүчтөгү крандар иштейт. Буларга арык да, балчык да, кум да тоскоол боло албайт. Эгер деңиз жээгин зор бетон плиталар менен бекемдөө керек болсо, атайын сүйрөгүч кеме керектүү орунга калкыма көтөргүч кранды сүйрөп барат. Деңиз портуна ар кайсы өлкөлөрдөн көп сандаган кемелер келет.

Жүргүнчүлөр кемесинде жүк женил, аны кеменин палубасындагы крандар эле ары-бери түшүрө салат. Ал эми жүк ташыгыч чоң кемелер жүк портуна барууга тийиш. Ал жерде порт кранынын жебеси кеменин үстүндө ийрелеңдеп, анын трюмунан жүк салынган өтө оор ящиктерди - контейнерлерди көтөрүп чыгып, түз эле темир жол платформасына же автомашинага жүктөйт. Завод-фабрикаларда да көтөргүч крансыз иш бүтпөйт. Машинанын көп тетиктери оор болот, аны кол менен жылдыра албайсың. Антип кереги да жок! Абдан оор жүктөрдү көтөрүү үчүн атайын кубаттуу көпүрө-крандар же жөнөкөй электр чыгырыктар - тельферлер бар. Ошентип азыркы мезгилдеги көтөргүч крандардын курулуш ишиндеги мааниси өтө зор.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 424, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу