Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көрүүнүн бузулушунун алдын алуу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Көрүүнүн бузулушунун алдын алуу

Үй-тирчиликте, оюн-шоокто жана кокустан балдар учтуу буюмдарды олдоксон пайдаланганда, көзгө тийип залал келтириши мүмкүн. Ошондуктан мындай учурда ата - эне баланы мындай буюмдардан сакташы керек. Эл арасында көп жолугуучу көрүүнүн бузулушу - жакынды же алысты начар көрүү болуп эсептелет. Көрүүнүн бузулушу жалаң эле тубаса болбостон, кийин деле пайда болушу байкалат. Мисалы, жакынды көрө албастык көбүнчө улгайганда, жаш өткөн сайын билинет. Көпчүлүк мектеп окуучуларында алысты көрүү процесси бузулат. Бирок, көздүн оорулары көбүнчө көрүүнүн гигиенасын сактабагандыктан пайда болот. Анын алдын алуу үчүн өтө татаал эмес эрежелерди сакташ керек:1.Китеп окуганда же дептерге жазганда көз менен китептин аралыгы 30 см ден жакын болбош керек. Себеби өтө жакын коюп окуганда же жазганда көздүн булчуңдары чымырканып, чечекейдин формасын өзгөртөт. Бул процесс көпкө созулса же көп кайталанса көрүү начарлайт; 2.Сабак даярдаш үчүн үстөлдү терезеге жакын коюлуп, жарык отурган окуучунун сол жагынан түшкөндөй болуусу зарыл.

Үстөлгө коюлган электр жарыгынын күчү 50-60 Вт ашпай, көзгө түз тийбей тургандай болуусу керек. Эгерде жарык өтө күчтүү болсо да көзгө зыян келтирет;3.Үстөлгө отурганда түз, бош отуруп окуу же жазуу керек; 4.Көбүрөөк таза абада, айлана-чөйрө жакшы, даана көрүнгөн жерлерде болуу зарыл.5.Көздү механикалык, химиялык жана физикалык таасирлерден коргоо жана мектепте кол эмгек сабагында техникасынын эрежелерин так сактоо керек;6.Жүрүп бараткан автомобилде окуган абдан зыян. Бул учурда чечекейдин формасы абдан тез өзгөрүп жана тамганы тааныш үчүн көз дайым кыймылда болуп турат. Бул процесстер кирпиктүү булчуңдардын чоюлуп кайра жыйрылып турушуна алып келет, ишин бузат;7.Жатып алып окуу көзгө оңдолбос зыян келтирген соң, жатып окубаш керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 860, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо