Сорбоннанын - Париж университетинин студенти Мария Склодовская менен таанышкан кезде Пьер Кюри белгилүү физик болуп калган эле. Илимге берилгендик бул экөөнү бириктирген. Кийин бири-бирин жактырышып үйлөнүшөт. Алар ынтымактуу жубайлар болбостон, илимий иш боюнча бири-бирине эң жакын кеңешчи жана жардамчы да болуп калышты. Пьер менен Мария жупуну жашашчу. Лаборатория сатып алууга акчалары жок болгондуктан, алар жарым-жартылай бузулган эски жыгач сарайды илимий изилдөө ишин жүргүзүүгө ыңгайлаштырып оңдоп алышат. Анын ичине айнектелген чатырчасы аркылуу жарык түшүп турчу. Жайкысын өтө ысык, үп болуп, кышкысын керней мору дат басып жыртылган чоюн меш араң эле жылытчу. Ошого карабастан мына ушул сарайда Пьер менен Мария эң ири ачылыштарды жасашат. Ошол жылдары франциялык физик Беккерель бир кесек уран тузун изилдеп жатып, түшүндүрүүгө болбогон, мурда белгисиз кандайдыр бир нурларды табат.
Адамдын көзүнө бул нурлар көрүнбөйт. Бирок фотопластинканы кара кагазга ороп, үстүнө уран тузун койсо, пластинка агарып кетет экен. Таң калыштуу нурлар Марияны аябай кызыктырат. Чыдамкайлык жана туруктуулук менен аларды изилдей баштайт. Күндөр күнгө, айлар айга уланып жатты. Акыры бул нурларды жеке эле уран чыгарбастыгы аныкталды.
Hyp - латынча радиус деген сөз. Ошондуктан Мария көзгө көрүнбөгөн нурларды бардык заттарды радиоактивдүү заттар деп атоону сунуш кылат. Мариянын бул ишине Пьер да кызыгып калды. Ал зайыбына жардам бере баштайт. Көп өтпөй алар радиоактивдүү заттардын айырмачылыгын изилдеп олтуруп мындай бир жаңылыкка туш болушат: нурлардын бирин али эч кимге белгисиз элемент чыгарып жатыптыр! Алар бул элементти Мариянын мекени - Полынанын урматына полоний деп аташкан. Бир аз мезгил өткөндөн кийин алар дагы бир жаңы элементти - радийди ачышат. Ачып гана тим болбостон, кичинекей бир бүртүк таза радий алууга да жетишишет. Бул өтө машакаттуу иш эле. Төрт жылча алар күн сайын сарайга келип, радий менен полонийдин касиеттерин изилдешет. Бул мезгилдин ичинде Мариянын колунан көп өлчөмдөгү уран рудасы өткөн.
Ал тажрыйба жасалчу килейген идиштерди ары-бери көтөрүп ташуучу, суюктуктарды бири бирине куюштуруп, кайнап турган казанда аларды бир нече саат бою оор темир таяк менен тынбастан аралаштырып турчу. Сарайдан караңгы түшкөндө кетишчү. Бул маалда столдордогу, текчелердеги пробиркалар менен колбалар табышмактуу жашыл жарыкка бөлөнүп жымыңдай баштачу. Бул жарык чыгарып жаткан радиоактивдүү заттар эле. Радиоактивдүүлүк кубулушун ачкандыгы үчүн жубайлар Кюрилерге жана Беккерелиге Нобель сыйлыгын беришет. Көп өтпөй Пьер арабанын астында калып, каза болот. Бул өтө чоң кайгы эле. Бирок Пьер дайыма мындай дечү: Кандай гана болбосун биз иштешибиз керек. Мария анын бул сөздөрүн унуткан жок. Мария Кюри профессор, лабораторияга жетекчи болду. Таза металл түрүндө радийди алгандыгы үчүн ага экинчи жолу Нобель сыйлыгы ыйгарылат.
Анын көптөгөн окуучулары болгон. Алардын ичинен эң таланттуусу өзүнүн кызы Ирен эле. Ал да физик болду. Ирен күйөөсү Фредерик Жолио менен энеси жетектеген лабораторияда иштеди. Пьер менен Мария радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү нурланууну изилдешкен. Бирок алар бул процесске таасир кылуунун жолун билишпеди, аны эч бир өзгөртө алышпады. Муну Ирен менен Фредерик жүзөгө ашырышты. Алар табиятта жок жасалма радиоактивдүү заттарды түзүштү.
Бул заттар да көзгө көрүнбөгөн нурларды чыгарат. Мына ушундай ийгиликтери үчүн Кюрилердин үй-бүлөсү үчүнчү жолу Нобель сыйлыгына ээ болушат. Пьер жана Мария Кюринин эмгектери атом физикасынын негизин түзөт. Радиоактивдүүлүк кубулушу ачылганга чейин атомду бөлүнбөс деп эсептешкен. Эми анын көптөгөн бөлүкчөлөрдөн куралгандыгы билинди. Кийинчерээк ал түгүл атомдун ядросу да бөлүнө тургандыгы белгилүү болду.
Ирен жана Фредерик Жолио-Кюринин изилдөөлөрү атомдун ядросун бөлүп, атом энергиясына ээ болууга өбөлгө, негиз болду. Ирен менен Фредерик атом энергиясы адамдарга жардам кылышын: дарылап жарык жана жылуулук беришин, машиналарды кыймылга келтиришин каалашкан. Алар фашизмге, согушка каршы болушкан. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Фредерик өмүрүнө коркунуч туулгандыгына карабастан өтө баалуу документтерди каткан. Бул документтер баскынчылардын колуна тийсе, анын жардамы менен фашисттер атом бомбасын жасоонун жолун таап алышы мүмкүн эле. Фредерик менен Ирен тынчтыкты коргоону жан-дили менен жакташкан.
Аларды куугунтукка алышат, бирок бул да окумуштууларды токтото алган эмес. Алар атомдун тынчтык ишине, тынч эмгекке кызмат кылышы үчүн күрөшкөн.