Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Казылма өсүмдүктөр жана жаныбарлар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Казылма өсүмдүктөр жана жаныбарлар

Азыр жыл бою кар жаткан жерлерде мындан көп миллиондогон жылдар мурун аба ырайы жылуу болуп турган. Мындан 500 миллион жыл мурда кургак жерлерде эч кандай жашоо болбогондугу, деңиздер менен океандарда гана тиричилик өкүм сүргөндүгү белгилүү. Ал эми мындан 400 миллион жыл мурда кургак жерлерде алгачкы жерде-сууда жашоочулар жана курт-кумурскалар пайда болгон. Булар тууралуу адамдар кайдан билишти? Биздин планетанын байыркы тарыхы жөнүндө байыркы жаныбарлардын сакталып калган раковиналары, сөөктөрү, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын ташта калган тактары, сөлөкөттөрү кабар берет. Өлгөн жаныбарлар түбөлүк тоңдо, абасы кургак үңкүрлөрдө, нефть чуң-курларында жакшы сакталат. Санкт-Петербург шаарындагы зоология музейинде мамонттун кеби турат. Бул жаныбарды Сибирдеги Берёзовка дарыясынын жээгинен табышкан. Түбөлүк тоңдо анын скелети гана эмес, булчуң эттери, териси, жүнү да сакталган.

Окумуштуулар бул мамонттун мындан 11 миң жыл мурун жашагандыгын аныкташты. Алар атайын приборлордун жардамы менен байыркы жаныбарлардын калдыктарын изилдеп, алардын канча жыл мурда жашагандыгын абдан так аныктай алышат. Моңголиянын чөлдөрүнөн окумуштуулар байыркы сойлоочулар - өтө зор кескелдириктердин скелеттерин табышкан. Окумуштуулар бул скелеттер боюнча көптөгөн байыркы жаныбарлардын: узундугу 27м келген алп кескелдирик - динозаврдын, тиштүү куш - археоптерикстин, байыркы деңиздердеги жырткыч - 12 м келген ихтиозаврдын сырт келбетин калыбына келтиришти. Кээде дарактардын ташка айланган сөңгөгүн, жалбырактардын, майда жаныбарлардын сөлөкөтү түшкөн таштарды табышат. Качандыр бир кезде жалбырак же өлгөн жаныбар сууга түшүп, баткакка көмүлүп калган. Кийин бул жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн калдыктары бара-бара бузулуп жок болгон. Бирок алардын баткакка түшкөн сөлөкөтү таш болуп катып, биздин күндөргө чейин сакталып калган. Биз мектепте жазчу кадимки эле бор микроскоптон гана көрүнүүчү эң майда деңиз жаныбарларынын раковиналарынан түзүлгөн.

Байыркы деңиздердин түбүнө раковиналар улам чөгүп, үстүңкү катмарлардын оордугунан улам басырылып, бекем тоо тегине айланган. Кийинчерээк деңиздер тартылып, бор катмарлары кургакта калган. Казылып алынган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү изилдеп, окумуштуулар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, планетабыздын тарыхын түзүшөт. Байыркы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бардыгы тең эле жок болуп кеткен эмес. Айрымдары, мисалы, ташбака, крокодил жерде болгон климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашып алышты.

Айрымдарынын жашаган жеринде климат анча өзгөрбөгөндүктөн сакталып калышты. Австралияда көптөгөн байыркы жаныбарлар: баштыкчандар - кенгуру, коала жана башкалар, ехидна жана өрдөк тумшук деген сүт эмүүчүлөр бар. Аларды кээде тирүү казылмалар деп да коюшат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 923, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо