Илгери "Карымбай" деген чоң бай болгон экен. Малынын көптүгүн айтканда, бардык малын бир дарыяга сугарганда ал дарыя соолуп калчу экен. Ал эми Карымбай абдан бакыл бай экен.
Адамдарга кайрымы жок, өлгөн малынын этин жеп, жетим-жесир, жардыларга кенедей жардамы тийбептир. Теңир Карымбайдын ал кылыктарын эскертип, кайрымдуу болууга үндөгөн экен.
Карымбай ага кулак какпаптыр. Жараткандын ачуусу келип, кара жерге тарт деп буюруган экен. Кара жер соруп Карымбайдын кекиртегине чейин алып келип токтотуптур. Жараткан "жетим-жесир, жардыга кайрым көрсөтөсүңбү?" деп сураганда да макул бол-боптур. Кара жер Карымбайды биротоло соруп кетиптир. Анын малы кийикке, кою аркарга, эчкиси тоо эчкиге, уйу бугуга, жылкысы жапайы жылкыга, эшеги куланга айланып кетиптир.
Кийиздери жалпак таш, жууркандары жыйылуу боюнча ташка айланып калган. Карымбайды соргон жер ошол ат боюнча аталып калган имиш. Бул мифтик уламыш, кыргыз уламыштарынын эң алгачкысы болуп, Карымбай деген бакыл байдын жоругун мифтик көркөм элеске көтөрүп баяндаган. Ал эми жердеги адамга жана башкаларга окшош таштардын кебетелерине карай, адамдардын көркөмдөп айтылып чыккан, ошол кебетеге карай курап айткан көркөм уламышы болуп эсептелет, бул жерге ат коюудан мурда ушул уламыш жаралып, эл-жердин атын ошол уламыш боюнча атап калган түрү бар. Кыргыздарда тоо-таштардагы адам сымал таштарга карай, көркөм уламыш жасап, анан ал жерге ат кою адаты кең тараган. Мисалы, "Күйөө таш" деген бир жайлоонун аты, "Келин таш" деген бир тоонун аты жана башка ушуга окшогон жерлердин аттары көп аталат. Алардын барында көркөм элестүү уламыш айтылып, мурда адамзат болгону, кийин түрдүү себептер менен ташка айланып, анан ошол жер ошондой аталып калгандыгы жөнүндө уламыштар жаралган.