Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карга жана кузгун

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Карга жана кузгун

узгун менен карганы алмаштырууга болбойт, тукуму бир болгону менен аларды сырткы көрүнүшүнөн оңой эле ажыратууга болот. Кузгун - ири канаттуу. Денесинин узундугу 66 смге чейин жетет. Анын тал канаттары капкара болуп жылтылдайт. Карга андан бир аз кичине. Эң негизгиси - каргалардын көпчүлүгү чымкый кара эмес. Алардын башы, эки канаты менен куйругу гана кара, калган денеси бозомук.

Ошондуктан аларды ала карга деп аташат. Ала каргалар Түндүк Европада - Скандинавияда, Түндүк Америкада, КМШ өлкөлөрүнүн батыш чек арасынан Енисей дарыясына чейинки аймакта жашайт. Енисейден ары кара каргалардын ээлиги башталат. Алар бүткүл Азияны жана түштүк-батыш Европаны мекендешет. Кара жана ала каргалардын мекендеринин чек арасынан ала карга да, кара карга да жана алардын аргындары да учурайт. Каргалар өзүнүн эң чоң түркүмү - кузгундан коркушат. Ошондуктан алар ага топтошуп алып кол салышат. Кузгун тамак ылгабайт. Ал жемиш дан эгиндерин, ар кандай өсүмдүктөрдү, ошондой эле чоң ак чардактардын уясына кол салып, жумурткасы менен балапандарын да уурдап жей берет.

Ал коёнектер менен кемирүүчүлөрдү илип алып, тараптан да кыя өтпөйт. Кузгундун көзү курч, кулагы сак. Ал түндүктө да, тропикте да, чөлдө да, деңиз деңгээлинен 4 миң мден ашык бийиктиктеги жаратылышы катаал бөксө тоолордо да жашайт. Арабдар бул кушту өлбөйт деп эсептешкен. Бизде кузгунду үч жүз жыл жашайт дешчү. Чындыгында ал 70-75 жылга чейин жашайт.

Кузгундар бир чөлкөмдө өмүр бою экиден жашашат. Эски уясына жакын жаңы уя салып, конушун бат-бат которушат. Алар кышында чоң шаарларда да топтолуп алышат. Күн сайын эртең менен шаардын сыртындагы талааны, акыр-чикир төгүлгөн жерди көздөй учушуп, кечинде дайыма бир мезгилде түнөгүнө, шаарга кайта келишет. Топтошкон каргалар дайыма бир багытка кайра катуу каркылдап учуп, жеткенде акырын, үн чыгарбай конушат. Алар токойдун четине, ал тургай шаарларга да эки-экиден өзүнчө уялашат.

Алардын уясы анча деле кылдат салынбайт. Тим эле чырпык менен бутактарды тегерете үйүп коюшат (эски чий калпактарды карганын уясына окшоп калыптыр деп бекеринен айтышпайт). Бирок уянын ичин жумшак жүн, кээде чүпүрөк-чапырак же поролондун үзүндүлөрү менен жумшакташат, байыркы замандан коңшусу адамдардын материалдарын да пайдаланат. Мындай кошуналык адамга дайыма эле жага бербейт. Мисалы, карга кээде өрдөк-каздын жумурткасына зыян келтирет. Өрдөк уядан туруп кетер замат карга анын жумурткасын сүйрөп чыгып, ыңгайлуу жерге жарат да жутуп алат. Ошондуктан адамдар каргалар ды атышат. Бирок карганы атуу оңой эмес, анткени ал колунда мылтыгы бар адамды дароо тааныйт да, качып кутулат.

Ошентсе да адам каргадан амалдуу эмеспи: жан-жаныбарлардын жүрүм-турумун билген адам өрдөктүн уясынын жанына бир үзүм жылтырак күмүш кагазды илип, аны ак жип менен туш келди чырмап салат. Өтө сак карга мындай түшүнүксүз каракчыдан чочулайт. Кузгун менен карганы сүйлөөгө да үйрөтсө болот. Албетте ойлонуп сүйлөбөйт, жөн эле туурашат. Алар өз адамы менен өзүнө тааныш жаныбарды чоочун жан-жаныбардан мыкты ажырата алышат. Ошондой эле бул канаттуулар жалтыраган нерселерди уурдаганды жакшы көрүшөт. Кузгун - кемирүүчүлөрдүн сары изине түшкөн мыкты аңчы, өлгөн жаныбарларды жок кылуучу чыныгы санитар.

Тилекке каршы, кузгундар азайып кеткен. Европанын көпчүлүк жеринде аларды такыр кырып салышкан. Азыр алар коргоого алынган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3295, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу