X—XII-кылымда Теңир тоодогу Караханийлер кагандыгы өзүнүн экономикалык куч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. Мамлекетти карлук бирикмесине киришкен чигил жана йагма түрк уруулары жетектеген.
Орто кылымдардагы тарыхчы Жамал-ад-Каршы династиянын негиздөөчүсү Сатук-Абд ал-Керим Карахандын (Сатук Карахан) чоң атасы, карлук каганы Билге Кул Кадыр хан болгондугун жазган. Эгерде бул далилди негиз кылып алсак, караханийлер династиясы карлуктардан келип чыккан деп божомолдоого болот. Сатук Карахан өлөр алдында (955-ж. өлгөн) исламды кабыл алат. Анын уулу Муса исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган. Тарыхый маалыматтарга Караганда, 960-ж. теңир тоолук 200 миң түтүн түрк уруулары ислам динин кабылдаган.
Алардын ичинде Теңиртоо, Памир тоолорунун этектеринде, Ысык-көлдүн жээгинде, Талас суусунун боюнда жашаган көптөгөн кыргыз уруулары болгон. Профессор З. Эралиев Караханийлер мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер — кыргыз уруусу болгон деп эсептейт. Алгач Караханийлер, өзүлөрүнүн ээликтерин кеңейтүү менен Чыгыш Түркстан, Борбордук Теңиртоо, Жетисуу жана Фергананын чоң бөлүгүн жеңип алышкан. Түндүк Чыгышта Караханийлер мамлекетинин чегарасы Балхаш, Ысык-көл, Алакөл аркылуу Чугучакка чейин жеткен. Баласагун шаары (Токмок ш-на жакын жердеги Бурананын урандылары) кагандыктын борбор шаары болгон. Экинчи борбор шаар Өзгөн эле. Караханийлердин мамлекети энчилерге бөлүнүп, алардын башында баш ийүүнүн татаал системасындагы династиянын өкүлдөрү турчу. Энчилердин чек аралары тез-тез өзгөрүп турган.
Алардын акимдеринин өз монеталарын чыгарууга чейинки чоң укуктары болгон. Мындай шарттарда өз ара согуштар менен чыр-чатактар демейдеги эле көрүнүш болуп калган эле. XI кылымдын орто ченинде Караханийлер мамлекети өз алдынча Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнгөн. Чыгыш кагандыгынын баш калаасы Баласагун ш. (кийинчерээк Кашкар), Батыштыкы болсо Өзгөн ш. (кийинчерээк Самаркан) болгон. XI кылымдын аягы, XII кылымдын башында бул эки мамлекет тең кризиске дуушар болушкан. Натыйжада, Караханийлер селжуктардын вассалдары болуп калышат, бирок ички иштерде өз алдынчалыкты толук сактап калышкан.