Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип максат коюуу керек?

Баш барак | Башкалар | Кантип максат коюуу керек?

Так коюлган "максат" чоң мааниге ээ. Алдыга коюлган максат так багытты көрсөтөт, ынандырат жана дайыма алдыга умтулууга жардам берет. А бирок Сиз эмне каалап, кандай максатыңыз бар экенин аныктоо үчүн эмне керек?

Жөнөкөй болгула
Көптөгөн адамдар максат катары кандайдыр бир чоң же глобалдуу нерсени коюуу керек деп ойлошот, мисалы: байлык, ийгилик, дүйнөлүк жетишкендик жана башкалар. Тырышпагыла. Максаттын көлөмү мааниге ээ эмес, маанилүүсү Сиздин кыялынызда максаттын болгону. Мисал катары, өзүңөрдүн күч-кубатыңар жете турган бир нерсени максат кылгыла. Кандайдыр бир спорт менен машыккыла, айдоочунун күбөлүгүн алгыла, өзгөчө тамак жасаганды үйрөнгүлө жана башка ушул сыяктуулар. Канчалык Сиздин максатыңыз конкреттүү болсо, ошончолук ал максатка жетүүнүн жолдорун так бөлүштүрө аласыз.

Эсиңерде болсун - Максатыңар кызыгууңардан өсүп чыгуусу зарыл.
Максатыңыз Сизди оң таасирлүү эмоциялар менен толуктап туруусу керек. Анткени, өзүңөрдү ынандырбаган же кызыктырбаган нерсеге умтулуу абдан кыйын. Эгер күчтүү жана көп убакка созулган ынанууну кааласаңыз, максат катары Сизди чынында өзүнө тартып турган нерсени тандаңыз. Англис тилин үйрөнүүбү, гитарада ойнообу же программист болуубу, кандай гана нерсе болбосун, ал маанисиз, эң башкысы кызыксаңар болду. Жашоодо болгон нерселерден оң таасирдеги кумар алууңуз керек, анын ичинде өз максатыңызга жетүү да бар. Өзүңөргө кызыгы жок нерсеге жетем деп, өзүңөрдү кыйнабагыла.

Эгер эмнени каалап же эмнеге умтулууну билбесеңиз, эмнени каалабайсыз ошону ойлогула.
Эгер өз максатыңызды элестете албасаңыз, эмнеден санаа тартасыз, эмнеден күмөн болосуз ошону эстегиле. Эмнени Сиз каалабайсыз?

Сизге жакпаган же каалабаган нерселердин тизмесин түзүүгө аракет кылыңыз. Мисалы:
-Мен семирип кетүүнү каалабайм
-Мен сүйгөнүм менен урушууну каалабайм
-Мен кызыгы жок жумушка, айлык акысы көп болсо да иштебейм

Мына, Сиз каалабаган нерселердин тизмеси даяр. Эми буларды өз максатыңызга айландырууга аракет кылып көргүлөчү. Жөн гана энергиянызды тескери багытка буруңуз. Терс нерсени оң нерсеге айландыргыла. Демек, мындай болот:
-Мен денемдин салмагын нормалдуу болуусун каалайм
-Мен сүйгөнүм менен бири-бирибизди түшүнүп, жакшы жашоону каалайм
-Мен өзүм кызыккан гана жумушка иштөөнү каалайм

Жашоо шартынын эң башкы жактарын же тармактарын карап чыккыла.

Өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча көптөгөн иштердин автору Джек Кэнфилд, ар бир адам конкреттүү максаттарды коюуучу бир нече тармактарды белгилейт. Алар:
-Финансы
-Жумуш жана карьера
-Ден-соолук
-Мамилелер же карым-катнаштар
-Өздүк өнүгүү
-Коом

Айтылган тармактарды карап, ойлонуп көргүлөчү, булардын ар биринен Сиз эмнеге жетүүнү каалайсыз? Алардын баары тең салмакта болуусу зарыл, муну эсиңерден чыгарбагыла. Эгер "финансы" менен байланышкан көп максаттарды алдыга коюп алсаңыз, ошону менен бирге өз ден-соолугуңузду унутуп койсоңуз же ден-соолукту максат катары коюп, ошону менен бирге өздүк өнүгүүнү таштап койсоңуз, тең алмактуулук бузулат.

Силердин максаттарыңар, жашооңор сыяктуу эле ар тармактуу болуу керек. Андан соң гана, максат койгонду үйрөнгөндө гана чоң максаттарды алдыга койсоңуз болот.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 19505, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу