Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Камбар ата

Баш барак | Адабият | Камбар ата
"Камбар ата" жылкынын ээси, жылкынын колдоочу, калкалоочу бабасы имиш. Камбар ата жылкыны илдеттен тазартып, апааттан тукумун калкалап өнүгүп-өсүшүн колдоп жүрөт экен. Камбар ата кайыптан буудандарды

төлдөтүп, Манастын Ак куласы сыяктуу касиеттүү аттарды жетиштирүүдө зор колдоочу болгондугу кыргыз эл оозеки адабиятында көптөп баяндалат. Камбар атанын кайыптан бүткөн аттары адам катары сүйлөй алат, кеменгер катары ээсине акыл-кеңеш берет. Камбар ата жылкынын тотемдик (тукум-уруктук) элестетилген образы болуп, жылкы тукумун Камбар атадан чыккан, тукум-уругун Камбар ата сактап, калкалап жүрөт деген түшүнүккө бүтүүдөн Камбар атанын образы элестетилип айтылып калган.
Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 860, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу