Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калыгул Бай уулу

Баш барак | Биографиялар | Калыгул Бай уулу

(1785—1855, азыркы Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы) - ири ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын бараандуу өкүлдөрүнүн бири. Сарыбагыш уруусунун түпкүлүктүү манап тукумунан. Анын өнөрү башкалардан айырмаланып, чоң жыйындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуиггуруп, обонсуз айткан; чечендик сөзгө жакын болгон. К. бизге белгилүү кыргыз ырчылар поэзиясынын башатында турат. Эгерде андан мурунку ырчылардын ысмы легендарлык мүнөз алып, ырлары эл чыгармачылыгына сиңип, авторлугу унутулууга баш койсо, К-дун масел сөздөрүнүн так орду, багыты менен тематикасы сакталып, өз алдынчалыкка, жеке мүнөзгө ээ. К-дун чыгармачылыгы ырчылар поэзиясынын тарыхында зор из калтырды. Акындардын айрымдары анын ой, идеяларын улантышса, бир даары анын «Акыр заманынын» нугунда чыгармаларды түзүшкөн. К-дун ырлары, санаттары бир бүтүн чыгарма эмес, үзүндү-үзүндү келип, ар бир ыр түрмөгү жыйынтыктуу, корутунду түрүндө кыска айтылып, ар башка мазмундагы, багыттагы бир канча ойду өзүнө камтыйт. Турмуштун ар кандай жактарына ой чаптырылып, коом менен адамдардын жашоосундагы социалдык мааниси терең маселелер козголот.

Ал жаман-жакшы, марттык-сараңдык, өмүрөлүм, айкөлдүк-пастык, жүрүм-турум адеби, үй-бүлөлүк, тууганчылык мамиле, турмуш мыйзамы, сулуулук-кооздук жана башкалар темадагы, ар башка багыттагы терең ойлорду айткан. К-дун чыгармачылыгын мүнөздөй турган өзүнө гана таандык турмуштук, коомдук-социалдык көз караш, философиялык ой толгоолор, жыйынтык-корутундулар бар. Анын чыгармалары мазмуну, багыты гана эмес, форма, структурасы жагынан да төкмөлүк поэзиядан айырмаланат. Муун өлчөмү, строфалык бөлүнүүлөрүндө да ырчылар поэзиясындагы салттуу 7—8 муун өлчөмү ар дайым сактала бербейт; 4—5 муундук түзүлүш басымдуу. К-дун чыгармаларын мазмундук, формалык өзгөчөлүктөрүнө, идеялык маңызына карап шарттуу түрдө 2 топко бөлүүгө болот. Биринчиси нукура элдик, салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат, терме ырлары. Анын бул багыттагы санаттары менен дидактикалык чыгармалардын карым-катышы, биримдиги даана байкалат. Акындын мындай типтеги ырларында адамдын бийик жана асыл сапаттары даңазаланып, адамгерчиликке, боорукерликке, кайраттуулукка, өз абийирин таза тутууга, дос, тууганга кайрымдуу, жолдошчулукка туруктуу болууга үндөйт. Анын өзү жашаган замандын турмуштук, адеп-ахлактык жактардагы оң, терс көрүнүыггөрүнөн келип чыккан жыйынтык-корутундулары азыркы күндө да өзүнүн таанытуучулук, таалим-тарбиялык маанисин жогото элек.

К. салттуу поэзиянын нугунда түзүлгөн санат ырларында элдик көз карапггын айрым жактарын өз байкоолору, ой тизмеги менен толуктап, кеңейтип отурган; мында калк тарабынан калыпка түшкөн ойлор менен катар акындын өз жекечелигин көрсөткөн жагдайлар арбын. Э к и н ч и топтогу чыгармалары «Калыгулдун масел сөздөрү» аталат. К. арымы кенен нускоочу акын болгондуктан анын ойлору турмуш тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр заманында» («Масел сөздөрүндө») коомдун келечекки тагдыры тууралуу конкреттүү ой жүгүртүлөт. Чыгарманын ушул жагы өз мезгилинде, кийин дагы коомчулуктун кызыгуусун туудуруп, жандуу талкуунун, талаштартынггын объектиси болуп келди.

«Акыр заман» - масел, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмун, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес. Ырга караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Акындын ушул типтеги айрым башка чыгармаларынан да үзүндүлөр бизге жетти. Байкагыч, сезимтал акын кыргыз коомчулугунун келечек тагдыры, адепахлагы, социалдык өзгөрүүлөрү жөнүндө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн. К. өз учурундагы көчмөн кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык-феодалдык нарк-нуска, адатсалттын ыдыроо алдында тургандыгын көрүп, келечекте анын социалдык маңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөрдүн болорун негизинен туура баамдаган. Бирок аны чечмелөөдө ал ошол доордо үстөмдүк кылган идеологиянын маңызын туткан. К. чечен, өтө калыс, эл бейкуттугун ойлогон инсан экен. Кокон ордосуна жана коңшу элдерге элчиликке барып, түрдүү чатактарды баскан учурлары болгон. Өзү манап тукумунан болсо да Ормон сыяктуу феодал төбөлдөрүнүн жосунсуз жоруктарын жактырган эмес.

Жакын тууганы Ормондун казактар менен кагышып, кыргыздын бугу уруусу менен чабышып, өз уруусуна көрсөткөн зордукзомбулугун сынга алган:Ой иним Ормонум,Жеген менен тойбодуң.«Кой» дегенге болбодуң,Акыры сен оңбодуң.Кыраакы, акылман К. бугу менен сарыбагыш төбөлдөрүнүн өз ара мамилеси бузулуп, жарылуунун алдында шылтоо издеп турушканын баамдап, Ормондун айлындагы ордо оюну чатакка алып барарын сезип, аны токтотууга аракет жасайт. Бирок, андан натыйжа чыкпай, эки эл чабышып калганда аларды элдепггирүүгө болгон аракети да оң чыкпайт. К-дун маселдери эл арасына тарап, калк мурасына айланган. Бирок, тилекке каршы кийинки учурга чейин ал эскичил акындардын ири өкүлү катары эсептелип, чыгармачылыгына бир жактуу баа берилип катуу сындалып келгендиктен, анын ырлары өз убагында жыйналбай, изиметрденбей калган.

Анын колдо бар азыноолак чыгармалары эл оозунан кийинчерээк эле жыйналып, аларды жарыялоо, изилдөө 90жылдары гана колго алына баштады. Бирок, ошо жыйналган чакан материалдан эле ал өз учурунун социаодык курч маселелерин козгогон, санат, терме ырларынын залкар үлгүсүн түзүп, калктын рухий казынасын байыткан ири ойчул, орошон чыгармачыл инсан экени көрүнөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 3173, Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо