Калктын социалдык турмушу


Калктын социалдык тузулушу Коомдун социалдык турмушунда анын социалдык тузулушу озгочо маанилуу орунда турат. Социалдык тузулуш озуно социалдык-демографиялык, социалдык-кесиптик, социалдык-таптык, социалдык-улуттук ж. б. тушунукторду камтыйт. Калктын санынын тез осушу озгочо совет бийлигинин сонку отуз жылына туура келген. Алсак, 1959-жылы Буткул союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 млн адам жашаган. 1991-жылы болсо республиканын калкы 4,4 млн адамга жеткен, башкача айтканда бул мезгилде калктын саны эки эсеге оскон. Кыргызстандын калкы демографиялык жактан КМШ олколорунон калкынын табигый осушунун (бир жылда торолгондор менен олгондордун ортосундагы айырма) жогорку темпте экендиги менен озгочолонгон. 90-жылдардын биринчи жарымында эмиграциянын денгээли ото жогору болуп, 150 минден ашык адам кочуп кетсе да, республиканын калкы сан жагынан оскон. 1999-жылы эл каттоо боюнча Кыргызстандын калкы 4,7 млн адамды тузгон.

Бул негизинен калктын табигый осушунун эсебинен камсыз болгон. Табигый жана миграциялык процесстердин эсебинен республиканын калкынын саны 2002-жылы августта 5 млн адамга жеткен. Кыргызстандын калкынын демографиялык онугуусунун дагы бир озгочолугу КМШга салыштырмалуу шаар калкынан айыл-кыштак калкынын басымдуулук кылганы. КМШ олколорундо орто эсеп менен калктын 60 пайызы шаарларда, ал эми 40 пайызы кыштактарда жашашат. Кыргызстанда болсо 2002-жылы калктын 64 пайызы айыл-кыштактарда жашаган. Облустар боюнча алганда, айылдыктар андагы калктын Ысыккол облусунда - 69, Ош облусунда - 70, Талас облусунда - 76, ал эми Нарын облусунда - 82 пайызын тузот. Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган калктын 70 пайызга жакыны кыргыздар болгон. Ал эми бийик тоолуу райондордо айыл калкы анда жашагандардын 80 пайыздан ашыгын тузуп, алардын дээрлик бардыгы кыргыз улутундагылар болгон. Кыргызстандын калкынын социалдык-демографиялык тузулушундогу дагы бир озгочолук - эмгек жашына чейинки балдардын коптугу (39,7 пайызга) калктын 10,1 пайызын эмгек жашынан откондор (пенсиядагылар) тузот.

Ал эми эмгекке жарамдуулар 50,2 пайызга барабар. КМШнын орточо корсоткучторуно салыштырмалуу Кыргызстанда карылар менен балдардын саны кыйла жогору. Бул республикада балдардын коп торолушу, салыштырмалуу олумдун аздыгы менен тушундурулот. Кыргызстандын эмгекке жарамдуу адамдары же эмгек ресурстары 2,2 млндон ашык адам, 90-жылдары алар 300 мин кишиге кобойгон. 90-жылдары республиканын эмгек ресурстары коомдук эмгекте же оз чарбасында жекече эмгек кылышкан.

Менчиктештируунун шартында коомдук чарбаларда эмгектенгендердин саны азайган. Азыркы мезгилде (2002-ж.) республиканын эл чарбасындагы эмгек ресурстарынын 21,4 пайызы онор жайы менен курулушта, 39 пайызы айыл чарбасында жана токой чарбасында, 5 пайызы транспорт менен байланышта, 5,6 пайызы соода жана коомдук тамак-аш даярдоодо, 20,2 пайызы билим беруу, физкультура, социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, илим тармагында эмгектенишет. Республикадагы эмгекке жарамдуулардын 13 пайызы комокчу жана уй чарбаларында иштешет, алардын копчулугун коп балалуу аялдар тузот. Экономикалык кризис учурунда копчулук ишканалар жабылып, ири шаарларда да жумушчулар жумушсуз калууда. Кыргызстанда жумушсуздук жылдан жылга осуудо. Эгерде 1991-жылы республикада 94 киши жумушсуз деп каттоодон откон болсо, 1992-жылдары 136 киши, 1993-жылы 1796 киши, 1997-жылы 54,5 мин киши, 1998-жылы 63,1 минден ашык жумушсуз деп катталган. Бул расмий каттоодон откону, чындыгында учурда республикада 150 минден ашык адам жумушсуз. Алардын 70 пайызын 30 жашка чейинки жаштар тузот. Эмгекке жарамдуулардын 48,7 пайызы аялдар, тактап айтканда азыр 1 млндон ашык аялдар эмгекке жарамдуу.

Бирок алардын копчулугу жумушсуз, анын ичинде жогорку жана атайын орто билимдуулору да арбын. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 1996-жылы Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгы жакыр деп эсептелген. Алардын ар бирине айына 715,77 сомдон киреше туура келген. 1989-жылы салыштырганда жакырчылыктын денгээли эки эсеге кобойгон. Калктын 18,2 пайызы ото жакырларды тузуп, алардын ар бири айына 220,61 сомдон гана киреше табышкан. Кыргызстандын туштугундо калктын 38 пайызы ото жакыр жана 85 пайызы жакырлардын катмарына туура келген. Бул ал жакта калктын жыш жайгашышы, жердин аздыгы, коп балалуу уй-булолордун коптугу менен тушундурулгон. Бишкек шаарында жакырлар 26,1 пайызды, Чуй облусунда 46,3 пайызды тузгон. Бул республиканын башка региондоруна салыштырмалуу томонку корсоткуч болгон.

Жакырчылыкты жоюу учун Кыргыз Республикасынын 2010-жылы чейин онугуунун комплекстуу негизи деп аталган Улуттук стратегиялык программа иштелип чыгып, 2001-жылы майында кабыл алынды. Бул программа Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу ишинде бекем база болуп калмакчы. Ал республикабызда ар бир облус, шаар, район, айыл окмоту боюнча иштелип чыгып жаткан программалар менен толукталууда. Азыркы мезгилде жакырчылыкты жоюу борбордук бийликтин гана негизги иши болбостон, буткул коомдук ишине айланууда. Калктын улуттук тузулушу жана улут саясаты.

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун окулдору жашашат. Кыргыздар калктын 65 пайызын тузот. Мында жашаган озбектер менен казактар да Кыргызстандын жерин байыртадан мекендеген жергиликтуу калк катары эсептелет. Калган улуттардын негизин Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин ал жактан кочуп келген орустар менен украиндер, кытайлык бийликтен жапа чегип, куугунтукталып келген дунгандар менен уйгурлар тузот. Булардан тышкары Украинадан куугунтукталган немистер келишип, Чуйго жана Таласка жайгашышкан. 1920-1930-жылдары Тундук Кавказдан кочурулгон даргин ж. б. улуттардын окулдору келишкен. Дуйнолук экинчи согуштун журушундо чечен, ингуш, карачай, балкар, крым татарлары зордук менен кочурулуп келинтен. Булар менен катар фашисттик оккупацияда калган СССРдин европалык болугунон орустар, озгочо ленинграддыктар, украиндер, белорустар, согуштун майыптары, аялдар, кары-картандар келип жайгашышкан.

Кыргызстанга кочурулуп келинген 30дан ашык ири онор жай ишканалары менен кошо турдуу улуттагы жогорку квалификациялуу адистер да уй-булолору менен кочуп келишкен. Булардын кобу Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин оз мекендерине кайтышкан, ал эми айрымдары келген бойдон Кыргызстанда жашап калышкан. Совет бийлигинин сонку отуз жылында Кыргызстандын онор жайынын онугушуно байланыштуу улуттук жумушчу адистерин кобуроок даярдоонун ордуна аларды Россиядан чакыруу, уй-жай менен камсыз кылуу кучогон. Булардан тышкары Сибирден, Ыраакы Чыгыштан, Россиянын тундугунон оз ыктыяры менен жашоого ынгайлуу жер издеп келгендердин саны арбын болгон. 80-жылдары тыштан кочуп келуулордун саны кыскарып, 1991-жылдан тескерисинче, Кыргызстандан кочуп кетуулордун саны кобойгон. Кыргызстанда орустардын саны 1990-жылы 918 минге жеткен, (калктын 21,2 пайызы). 1991-1994-жылдары Кыргызстандан 170 мин орус кочуп кеткен. Элдердин кочуп кетуусу озгочо 1993-жылы ото жогору болгон. Бул жылы Кыргызстанга 23 миндей киши кочуп келсе, 143,6 мин киши кочуп кеткен.

Алардын 80,8 минин орустар, 10,5 минин немистер, 10,6 минин украиндер, 6 минин озбектер, 8,7 минин татарлар ж. б. тузгон. Кочуп кетуунун натыйжасында саны боюнча кыргыздардан кийинки орунда турган орустар 1990-1994-жылдары эле 17 пайызга, башкача айтканда 918 минден 750 минге азайган. Кочуп кетуу боюнча 2-орунда немистер турган. 1989-жылы алардын саны республикада 102 минге жеткен. Алардын учтон бири, башкача айтканда 30 мини 1991-1992-жылдары Германияга кочуп кетишкен. Кочуп кетуунун натыйжасында, Кыргызстандын калкынын улуттук курамы озгоргон.

1993-жылы эл каттоонун маалыматы боюнча кыргыздар калктын - 56,5, орустар - 18,8, озбектер - 13,5, украиндер менен немистер - 1,5 пайызын тузгон, ошондой эле татарлар (1,6%), казактар, дунгандар жана уйгурлар (0,9%), тажиктер (0,8%), турктор (0,5%), азербайжандар, кореялыктар (0,4%) ошондой эле белорустар, еврейлер, калмактар, армяндар, грузиндер, молдавандар, поляктар, цыгандар ж. б. жашайт. 1999-жылы эл каттоодо калктын улуттук курамында томондогудой озгоруулор болгон. Табигый осушу жогору болгон кыргыздардын саны 5,5 пайызга оскон, ошондой эле озбектердин, тажиктердин, уйгурлардын, казактардын, кореялыктардын саны кобойгон. Эмиграцияга байланыштуу орустардын, немецтердин, украиналыктардын, татарлардын, еврейлердин саны кыскарган. Алардын Кыргызстандан кочуп кетуусуно республикадагы оор экономикалык кризис, копчулук онор жай ишканаларынын жабылып калышы, рынок мамилелерине отуудогу кыйынчылыктар ж. б. себеп болгон.

Кочуп кеткендердин тенинен кобун жумушка жарамдуу, жогорку квалификациялуу жумушчулар, инженерлер, интеллигенция тузгон. Бул республиканын эл чарбасы, озгочо онор жайы учун олуттуу жоготуу болгон. Кыргызстанда улут аралык мамилелерди стабилдештирууде республиканын Президенти А. Акаев озгочо чон роль ойногон. Анын демилгеси менен 1994-жылы 21-январда Кыргызстан элдеринин Биринчи Курултайы откон. Буга республикадагы бардык улуттардын, элдердин, социалдык катмарлардын окулдору катышкан. Курултайда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы тузулуп, анын Уставы кабыл алынган, жетекчи органы - Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Совети шайланган. Азыркы мезгилде 30га жакын улуттук-маданий борборлорду баш коштурган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы улуттар аралык ынтымакташтыктын негизи катары таасирдуу форумга айланууда. Кыргызстанда эл аралык ынтымакташтыкты сактап, аны оркундотуудо улуттук-маданий борборлор маанилуу роль ойноодо. Алардын иш аракеттери мамлекет тарабынан ар тараптан колдоого алынган жана 1994-жылы 26-сентябрда Бишкекте Достук уйу ачылган.

Учурда Кыргызстандын коп улуттуу элинин негизги максаты экономиканы чындоого, рынок мамилелерин толук оздоштурууго, эл арасындагы достукту, эгемендуу, коз каранды эмес, демократиялуу, тен укуктуу мамлекетти тузууго жана чындоого багытталган.

2016-05-20 4794 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2016-05-20