Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кайындын дарылык касиеттери (мал чарбада)

Баш барак | Ветеринария | Кайындын дарылык касиеттери (мал чарбада)

Дарылык үчүн кайындын бүчүрү, ширеси, дёготь, кээде жалбырактары колдонулат. Кайындын бүчүрлөрүн эрте жазда, жаны көөп келе жатканда, бирок бүчүр ачыла элек кезде жыйнаш керек, ачылып кеткен бүчүрлөр дарылык касиетин жоготушат. Кайындын бүчүрлүү сабактарын ачык абада көлөкө жерде 25 градустан жогору эмес температурада кургатышат. Анан сабактан бүчүрлөрүн бөлүп алып тазалап, катталган кагаз мүшөктөргө 2 жылга чейин сакташат.

Колдонулушу: Кайыңдын бүчүрлөрүн жана жалбырактары оттун жана зааранын бөлүнүп чыгышын көбөйтүү үчүн колдонулат. Ошондой эле жүрөктүн кан тамырлардын оорусунан пайда болгон шишиктерге каршы, холициститтерде, бөйрөктүн жана табарсыктын ооруларына каршы колдонулат. Дарылоону врачтын кенеши жана байкоосу менен колдонуш керек. Кайындын бүчүрлөрү ветеринариялык практикада тундурма, кайнатма түрүндө заара болуп чыгаргыч жана тердеткич катары колдонулат. Дененин сыртына болсо мазь кылып ревматизмге каршы жана ооруну басаңдаткыч катары колдонсо болот.

Дозалары: оозу аркылуу - уйларга - 10-50 гр, жылкыга - 10-40 гр, кой-эчкиге - 5-15гр, чочкого - 5-10 гр, итке - 2-4 гр берилет. Элдик ветеринарияда тундурма менен кайнатмаларды ашказан, өт сезгенгенде, бөйрөктүн ооруларында, кан аз болгондо колдонулат.

Кайындын жалбырактарынын тундурмасы: сырткы жараларды, кесилген жерлерди, чыйкандарды дарылоого колдонулат. Жазында жана жалбырактардан витаминдүү порошок жасаса болот. 100 гр майдаланып жакшы жуулган жалбырактарга 1 литр кайнак суу куюшат, 3-4 саатка коюп анан 2 кат марли менен сузуп алып, 1 стакандан тундурманы күнүнө 2-3 жолу музоолорго сүт берээрден мурда бериш керек.

Кайындын дабыркайы (дёготь). Кара түстөгү коюу суюктук, спецификалык жыты бар, суудан оор. Антисептикалык жана паразиттерге каршы таасир этет: Кайындын дабыркайы котурду, экземаны жана башка теринин ооруларын дарылоого колдонулат. Ал Вишневскийдин, Коньковдун, Вилкинсондун мазьдарынын составына кирет. Кайындын дабыркайы уй-койдун тимпаниясында атониясында колдонулат; ашказандын былжыр кабыкчасы сезгенгенде жана какырыкты чыгаруу үчүн дем алуу органдары сезгенгенде колдонсо болот.

Дозасы - уй менен жылкыга - 10-25 гр тундурма, кой менен чочкого - 2-5 гр, иттерге - 0,1- 1 гр.

Кайындын ширеси - жазында чогултат. Музоолорго жаны кезинде жарым стакандан күнүнө 2-3 жолу дем-алуу органдары сезгенгенде бериш керек.

Карболен: Кайындын жыгачынын кулунун активдештирилген таблетка, гранулдары. Карболенди оор металдар жана алколоиддер менен ууланганда колдонулат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1559, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу