Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ийне терилүүлөр

Ийне терилуулор кимдер, кандай жаныбарлар, деңиз кирпилерин жана алардын тукумдаштарын ийне терилүүлөр деп аташат. Бул жаныбарлардын скелети акиташ пластинкалар менен ийнелерден турат, алар бардык океандарда жана көпчүлүк деңиздерде жашайт. Айрым ийне терилүүлөр кыртышка жабышып турат, ошондуктан өсүмдүккө көбүрөөк окшошот. Мисалы, деңиз лилиясы дал ушундай. Алардын сабагы да, гүлү да бар. Гүлдүн желекчелеринен чачылар тарайт. Алар желекчелердин ортосунда - гүлдүн түбүндө жайгашкан оозду көздөй суу шилейт. Лилиянын оозуна суу менен кошо ага азык болчу майда жандыктар да кирет. Деңиз кирпилери, деңиз жылдыздары, голотуриялар деңиздин түбүнө жабышпастан өтө жай, каалгып жылып жүрөт. Деңиз кирпилеринин кичинекей тинтүүрчүлөрү, ичке буттары бар. Кирпилер буттарын илгери жылдырып, анан жыйрылтып кадам ташташат. Ошентип олтуруп жалама, тик аскага да чыгышат.

Акиташ ийнелери мында өзүнчө бир таканчык катары кызмат кылат, ошондой эле тегереги тиш менен капталган оозуна тамак-ашты жакын кармап турууга жардам берет. Кирпилер майда деңиз жандыктары жана балырлар менен тамактанышат. Чоң деңиз кирпилеринин ийнелеринин узундугу 30 сантиметрге жетет. Негизи эле ийне терилуулордун бул коркунучтуу куралы, себеби ийнелердин учу сынып душмандын денесинде калат да, катуу жараатты пайда кылат. Алардын душмандары көп, алардын ичинде тукумдаштары - деңиз жылдыздары да бар. Беш буту менен кыбырап жайбаракат жылып жүргөн деңиз түбүндөгү жылдыздар - алар жырткыч жандыктар, негизги жеми - моллюскалар. Эгер олжосу өтө эле чоң болсо, деңиз жылдызы ашказанын оозунан чыгарып, аны менен жемин чулгайт да, тамак-ашын денесинин сыртында сиңирет. Деңиз жылдызы өзүнүн бир бутунан ажыраса, далдага жашынып калышы ыктымал, кийин буту кайра өсүп чыгат. Бир эле буттан бүтүндөй бир жылдыз өсүп чыгышы да мүмкүн. Деңиз лилиясы гүлүн түшүрө алат.

Ийне терилуулор денесинин бир чоң бөлүгү ички органдары менен кошо бөлүнүп калса да, голотурияга коркунучтуу эмес. Деңиз бадыраңы деп аталган голотуриянын скелети өтө аз сандагы пластинкалардан турат. Оозунун тегерегинде бутактанган он муруту бар. голотурия муруттарына майда деңиз жандыктарынын жабышып калышын күтөт. Ошондой учур болору менен ал муруттарынын улам бирин оозуна сала баштайт. Ыраакы Чыгыш голотуриялары - трепагандар (деңиз жаныбарларынын бир түрү) жегенге жарактуу. Аларды кургатат, сүрсүтөт, консервалайт. Деңиз кирпилеринин икрасы да даамдуу тамак. Ийне терилүүлөр жөнүндөгү макалабызга кошумча болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 640, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо