Гигиенанын негизги эрежеси - таза идиш-аяк, анткени аларды кир бойдон колдонсо, андагы тамак-аш менен бирге организмге көптөгөн микробдор кирет. Идиш-аяк майдан, көөдөн, тамактардын калдыктарынан тазаланбаса, анда микробдун көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт. Идишти тазалаганда, тазалоочу заттар колдун терисине кир, суу, ар кандай терс таасир тийгизет. Эгерде айым колдун көркүн бузбайм десе, анда резина мээлей кийсе болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн айымдары мээлейсиз идиш жуубайт, ошого карабастан алардын идиши таптаза.
Резина мээлей ар бир аптекада сатылат, аны колдонуп идиш жуугандан кийин чечпей туруп самын менен таза жууп, сүлгү менен кургатып чечет. Ички беттери жабышып калбаш үчүн тальк менен упалайт. Куралдар: резина мээлей, идишти жуучу атайын заттар же кир жууган самын, ысык суу, кагаз, майда жана кесек туз, аш содасы, сүлгүр, тальк. Идиш-аяктын жуулушунун ыкмалары менен таанышкандан кийин, окуучулар мектептеги ашкананын идиштерин жууса болот:1.Эгерде идиш-аякты убагында жуугандай мүмкүнчүлүк болбосо, анда табактардагы тамак-аштын калдыктарын жумшак кагаз же щетка менен аачып, бир жерге жыйнап, үстүнө сүлгү жаап койсо болот. Мунун себеби катып калган тамак-ашты жууган айым эки эсе көбүрөөк убакытты керектейт.2.Азыркы учурда идиш-аякты жууп-тазалаганга түрлүү суюк, коймолжун, кургак заттар сатылат. Эгерде алар жок болсо, анда идиштерди кир жууган же башка жыты анча күчтүү болбогон самын менен жууйт.
Эч качан кир жууган порошокторду идиш - аякты жууганга колдонбойт, себеби бул заттардын чайкалышына узак убакыт жана көп өлчөмдөгү суу керек, ал эми ошол порошок менен жуулган идиш таза чайкалбаса адам акырындан ууга берет.3.Эмаль идиштерди аш содасы менен тазаласа болот. Уюп жабышып калган азыктардын калдыгы жуугандан кийин чыкпаса, анда аны бычак же башка учтуу нерсе менен кырган болбойт, анткени эмалда жарака пайда болушумүмкүн. Жаракасы бар же эмаль түшүп калган идишти колдонгон болбойт, себеби ошол жерде кир менен кошо микробдор чогулат. Күйүгү бар эмаль идишке чымкый туздуу суу куюп коюп койсо, күйүк андан кийин оңой эле тазаланат.4.Аллюминий мискей, таба (сковородка) же казанды самындуу суу менен жууйт. Абдан кир болсо атайын тазалоочу заттарды колдонот. Аллюминий идиштерге узак убакыт суу кайнатса, алар карарып кетишет. Уксуска нымдалган чүпөрөк менен ичин сүртсө алар мурунку абалына келет.5.Айрым учурларда казанда же табада калган майды үнөмдөп эмки жолкуга калтырып коёт. Бул туура эмес, биринчиден, майдын даамы өзгөргөн соң ошол майга куурулган тамактын даамы начарлайт, экинчиден, көп жолу колдонуучу майда рак оорусун козгогон зыяндуу заттар пайда болот.6.Чугундан жасалган казанды, табаны, жуурдан мурун, кагаз менен тазалайт, андан кийин ысык самындуу суу менен жууп, чайкап, сүлгү менен кургатат. Антпесе, идишти дат басып калат.7.Чайдан карарган чынылардын, чайнектердин ичин майда туз же аш содасы менен сүртсө, агарат.8.Эт майдалагычты өзгөчө кылдаттык менен тазалайт, элден мурун анын буроолорун ачып тетикчелерин бошотуп, ар бирин самындуу ысык суу менен жууп, кайнап аткан сууга чайкап, кургатат.
Колдоноордун алдында тетиктерди ысык суу менен чайкап, кайра чогултат.9.Хрусталь идиштерди ысык суу менен жууса, жарака кетип сынып калышы мүмкүн, ошондуктан аларды самындуу жылуу суу менен жууп, абдан кургатып сүртсө, жалтырап калат.10.Карарып кеткен кашыктарды, айрыларды (вилкалар) майда туз же аш содасы менен сүртсө өңү өз калыбына келет.11.Жуулган табактарды, чыныларды, кашык, айрыларды деги хрусталдан башка идиштерди сүлгүр менен сүрбөй, атайын кургаткычка тике тургузуп кургатса дурус.12.Камыр, сүт, варенье салынган идиштерди муздак суу менен жуугандан кийин ысык суу менен жууйт.