Бою өтө эле узун адам жөнүндө: Анык дөө, тим эле Гулливер... деп айтышканын көп эле угуп жүрөбүз. Каармандарынын ысмы ушунчалык аңызга айланган чыгарма жаратуу ар бир эле жазуучунун, ал түгүл улуу жазуучунун да бактысына туш келе бербейт. Гулливердин саякаттары деген китептин автору, англис сатирачысы Жонатан Свифт (1667-1745) мына ушундай чыгарма жараткан. Гулливердин ысымы кокусунан гана дөөнү түшүндүрүп калганын айта кетүү керек. Гулливердин бардык саякаттарынын ичинен эргежээлдердин өлкөсүнө жасаган саякатынын элге көбүрөөк жагышы буга себеп болду. Ал эми Свифттин китебинде мындан тышкары дөөлөр өлкөсүнө, Лапуту деген учма аралга, таң каларлык жылкылар - гуингимдардын мекенине жасаган саякаттар жөнүндө да айтылат. Бул фантастикалык, Свифт ойдон чыгарган өлкөлөрдө, Гулливер башынан өткөргөн таң каларлык окуялар өтө кызыктуу. Ошондуктан аны үч жүз жылдан бери чоңдор да, балдар да колдон түшүрбөй окушууда. Бирок Свифт бул окуяларды окурмандарды кызыктырып, көңүлүн ачуу үчүн гана ойлоп тапкан эмес.
Анын мындан башка кыйла маанилүү максаты болгон. Мисалы, Свифт эргежээлдер өлкөсү жөнүндө жазуу менен Англиядагы саясий тартипти салыштырган. Мисалы, ошол мезгилде король менен императорлорду көбүнчө кудайга теңеп, алардын кудуреттүүлүгүн апыртышкан, күлкүсүн күнгө, каарын чагылганга теңешкен. Ал эми чындыгында король да, император да болгону эң эле жөнөкөй, ал түгүл кээде жупуну, берекесиз адам болгон. Мына биздин алдыбызда эргежээлдер өлкөсүнүн кудуреттүү императору, бүт дүйнөнүн кубанычы да, коркунучу да ошол, анын ээлиги жер шарынын четтерине чейин жеткен, ал кандардын каны, бүткүл адамзат урпагынын таманы жерди басып, төбөсү күнгө тийип турган эң даанышманы, улуусу. Мына ушул үйлөгөн карындай кампайган кудурет ээсин бүткүл сарайы, министрлери жана аскер башчылары менен бирге англиялык майда жер ээсинин уулу Гулливер шашпай гана жүз аарчысына ороп, бешмантынын чөнтөгүнө салып алчу экен. Бул китеп жаңы жазылган кездегисиндей эле бүгүн да абдан кызыктуу, курч жана маанилүү.