Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гладиолус гүлү, шпажник

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гладиолус гүлү, шпажник

Ирис тукумундагы тамыры пияз түйүлдүктүү көп жылдык өсүмдүк. Латын аталышы gladius - "кылыч" дегенди билдирип, гладиолустун жалбырактарынын формасы шпагага окшоп кеткендигинен. Мекени - Африканын тропикалык жана субтропикалык аймактары, Жер ортолук деңиз, Орто Европа жана Азия, Батыш Сибирь. Гладиолус тукуму өзүнө 280 түрдү камтып, алардын 163 түштүк Африкадан, 10 Евразиядан, 9 Мадагаскардан чыккан.

Мазумуну:

  1. Ботаникалык баяндалышы
  2. Түрлөрү
  3. Колдонуу тарыхы жана селекция
  4. Бакча гладиолустарынын классификациясы

Ботаникалык баяндалышы

Көп жылдык пияз жемиш тамырлуу өсүмдүк. Тамыры тогологураак, жыл сайын жаңыланып, актан кара кызгылт көк түскө чейинки кабык менен капталган.

Сабактары түз, бутактуу эмес, жалбырактуу, бийиктиги 50-150 сантиметр. Жалбырактары жука, түз сызыктуу жана кылыч сымал, узундугу 50-80см келип, көгүш-жашыл түстө. Жалбырактарынын ийини сабатын айланасын каптап, ага кошумча бекемдикти берет.

Гүлдөрү бир жактуу, эки жактуу жи спирал сыяктуу машак сымал, узундугу 80 см чейин топ гүлдөргө чогулган, борпоң, орто борпоң же тыгыз. Гүлдөр воронка өңдүү, негизинен бүткөн алты бирдей эмес гүл айланасындагы бөлүктөрдөн турат.

Түйүлдүгү - үчкө ачылуучу кутучадай. Уруктары көп, тоголок же сүйрү, өңдөрү күрөң.

Тамыр баштары (түйүлдүгү) жана бүчүрлөрү менен көбөйтүлөт. Көбүнчө кесүү үчүн колдонулат. Кесилген топ гүлдөр сууда 10-12 сутка турат. Өсүмдүк декоративдүү.

Түрлөрү

Колдонуу тарыхы жана селекция

Биздин заманга чейин 300 жылы гладиолустун тамыр түйүлдүктөрүн бышырып, же тандыр нанга кошуп тамакка колдончу. Биздин замандын 1-кылымында гладиолустар жоокерди өлүмдөн сактап, жеңишти алып келет деген магиясы бар деп Плиний тарабынан эскерилет. Ал үчүн гладиолустун тамыр түйүлдүгүн тумар сыяктуу моюнга илип алыш керек дешкен.

Диоскорид жапайы өскөн гладиолустардын түрлөрүн биздин замандын 50-жылдарында баяндаган. Орто кылымдарда гладиолус унун нан жапканда камырга кошушкан. Ири топ гүлдүү сортторун (1 метрге чейин) бакчачылыкта 16-кылымдын аягынан 17-кылымдын башына чейин колдонгон.

17-18-кылымдарда гладиолустарды эмчектеги баласы бар аялдардын зара чыгаруучу же тиш оорусун басаңдатуучу каражат катары дарылык максатта колдонгон.

Гладиолустардын Түштүк Африка түрлөрү Европада 17-кылымда гана пайда болуп, көптөгөн заманбап сорттордун жаралышына өбөлгө болгон. 1807-жылы Уильям Герберт бир нече түштүк Африка түрлөрүн кайчылаштырып, биринчи түр аралык гибрид сортун алган. Дал ошол убакта гладиолуска болгон декоративдик кызыгуу башталган.

В 1837-жылы Ангьендик герцог Аренбергдин бакчысы, бельгиялык селекционер М. Беддингауз, жайында гүл ачуучу гладиолус гибриддерин чыгарган. Ал гентиялык гладиолусу (Gladiolus gandavensis) аталышка ээ болуп 1880-жылы алардын саны 2000дей болгон.

1887-жылы примула түрдүү гладиолус пайда болот (Gladiolus primulinus).

АКШга гладиолустар 19-кылымдын аягында келген, анда Индианалык селекционер Амос Кундер тарабынан 1907-жылы гладиолустун гүлдөрү бүктөлөнгөн сорту чыгарылган.

Бакча гладиолустарынын классификациясы

Бакча гладиолустары ар кандай европа жана африка түрлөрүн аргындаштыруудан келип, бардык бакча гладиолустар бакча түрүнө кирет - Gladiolus hybrydus hort. Эл аралык гладиолус сортторун каттоо Түштүк Америкалык гладиолустар кеңеши аркылуу ишке ашырылат. 1945-жылы Америкада гладиолус сортторун классификациялоо иштелип системасы иштелип чыккан, анда ар бир сорттун түсү, гүлдөрүнүн өлчөмү атайын сандар менен жазылат. Тажрыйба топтолуп, жаңы сорттордун пайда болуусу менен бул классификация такшалып, учурда анда гүлдөрдүн өлчөмү боюнча 5 классты жана негизги түс тобу боюнча 10 классты камтыйт.

Коддун биринчи саны (1ден 6га чейин) гүлдөрдүн өлчөмүн билдирет:

Коддун экинчи саны (0дөн 9га чейин) сорттун белгилүү бир түстөгү топко кошот:

Коддун үчүнчү саны түстүн интенсивдүүлүгүн, кошумча түстүн болушун билдирет. Эгер гүл бир түстүү болсо, анда бул жуп сан, эгер башка түстүн тактары болсо ага 1 саны кошулат. Мисалы күрөң кызыл сортторго:

8 саны кара түстөргө резервделген, ошондуктан, көптөгөн класстарда (мисалы, кызгылт, сары, чычкак сары) ал жок.

Ак жана жашыл сортторго кодировка:

Үч орундуу цифра кодунан кийин сызыкча аркылуу гүл ачуу мезгилдери кошулат (ӨЭ - өтө эрте, ЭО - эрте орто, О - орто, ОК - орто кеч, К - кеч жана ӨК - өтө кеч), анан кайра дефис, акыркы эки цифра сорттун интродукция жылы. Аягында селекционердин фамилиясы кошулат.

Сорттору

Дүйнөдө гладиолустардын 5000дей сорту бар. Эски сорттору акырындын менен четтелүүдө (вегетативдик көбөйтүүдө ДНК көчүрүүнүн дефектери көбөйүп, мунун айынын сорттун жашап кетүү мүмкүндүгү төмөндөйт). Орточо бир сорттун жашоо узактыгы 10 жыл дешет. Бирок көп жашаган сорттор да бар, алардын эң көбү 30 жыл жашаган. Эски сорттордун ордуна жаңы сорттор келүүдө.

Жайгаштыруу: 2020-01-20, Көрүүлөр: 1150, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-01-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо