TYUP.NET
Баш барак | Адабият | ФЗОдогу иниме (ыр)

ФЗОдогу иниме (ыр)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

ФЗОдогу иниме (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата30-ноябрь, 1948-жыл
ЖериЧолпон-Ата

Билем, иним, мени жакшы көрөсүң
Агаң аны жакшы ыр менен төлөсүн.
Эс тартканда көңүлүң калар менден да,
Себеби сен: менден ары өнөсүң.

Жакшы көрсөң, агаң аны тыябы?
Жакшылыкты: жамандыкка кыябы?
Экөөбүздү теңдеп өлчөп карасаң,
Жумушчунун кененирээк кыялы.

Сага жакшы, бул турмуштун алысы,
Өз колуңда: урмат, даңкы, намысы
Экөөбүздү бирдей өлчөп карасаң:
Жумушчунун бекемирээк далысы.

Мендей эмес, анын жарык көңүлү,
Менден жоомарт, менден сыйлуу көрүндү.
Таразага теңдеп өлчөп карасаң,
Жумушчунун узагыраак өмүрү.

Мени чанба, таамай карап байкап ал,
Жакшымды алып, жаманымды бөлүп сал,
Атак сүйбөс, көтөрүлбөс жагымды:
Жумушчулук сыпатымды сактап кал.

Көрүүлөр: 376
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.