Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Фасциолез - боор курт

Баш барак | Ветеринария | Фасциолез - боор курт

Фасциолез - саздак жерлерде кездешүүчү ылаң. Бул ооруну фасциола деп аталуучу жалбырак сыяктуу жалпак курттар козгойт. Бул курттар малдын боорунда, от жолдорунда мителик кылат. Фасциолдор жетилген кезде от жолдоруна жумуртка чачат. Алар от менен бирге ичегиге түшүп, андан кык менен сыртка чыгат. Жылуулук жана нымдуулук жетиштүү болгон шарттарда жумурткадан курт пайда болуп, алар үлүлдөрдүн денесине кирип, бул жерде бир нече стадияга чейин өсөт да, үлүлдүн организминен чыгып чалчык сууларды жана жайытты жугуштандырат. Мал булганыч сууну ичкенде, же чөптү жегенде курттар алардын ичеги-кардына өтүп, кан тамырлар аркалуу боорго кирет да, 2,5-4 айдын ичинде кайра жумуртка чачууга жөндөмдүү болот. Ошентип фасциоллдун өсүү циклы кайра башталат. Боордо мителик кылып жүргөн мезгилде анын тканын бузуп, өт жолдорун бөгөйт. Ушуга байланыштуу оору малдын ашказанынын иши бузулат. Ооруган уйдун , жалпы абалы начарлап, арыктай баштагандыгы, көздүн, ооздун былжыр кабыкчалары бозоруп же саргайып кеткендиги байкалат. Ошондой эле астыңкы жаагы, төшү шишийт. Кээ бир учурларда чоп жебей чычкактайт, температурасы көтөрүлөт. Оору күч алганда 5 - 7 күндүн ичинде мал арыктап өлөт. Фасциолоз оорусу бар чарбаларда пландуу түрдө жылына эки жолу дегельментизация жүргүзүлүүгө тийиш. Биринчи дегельминтизация жазында малды жайытка чыгараардын алдында, экинчиси күзүндө жайыттан келээрдин алдында өткөрүлүшү керек. Фасциолоз оорусу пайда болгондугу байкалса, дегельминтизацияны мезгилине карабай эле жүргүзүүгө болот. Фасциолоздон алдын ала сактануу максатында малды саздак жерлерге кайтарууну токтотуу керек. Саздак жерлерди кургатып, үлүлдөрдү жок кылуу максатында ал жерлерге акиташ , жана кок таштын эритмеси чачылат. Фасциолоз бар чарбалардагы кыкты биотермикалык жол менен жугушсуздандырылгандан кийин гана пайдаланууга болот. Дарылоо: Албен, Валбазен, Ивермек, Баймек ж. б. инструкциялары боюнча.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 4102, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу