Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Фараби (Аль-Фараби - 870-950)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Фараби (Аль-Фараби - 870-950)

Орто кылымда Казакстандын азыркы Чымкент облусундагы Отрар деген жеринде улуу илимпоз, ойчул, энциклопедиячы Абу Наср Мухаммед ибн Тархан аль-Фараби төрөлгөн. Анын балалык чагы Сыр Дарыянын боюнда өткөн. Өз курбу-курдаштарынан илимге болгон дилгирлиги менен айырмаланган. Эл ичиндеги айтылып жүргөн аңгеме-жомокторду, ыр-дастандарды көңүл коюп угуп, көкүрөгүнө түйгөн. Отрар медресесинен билим алып, китепканасындагы китептердин бардыгын окуп чыккан. Андан кийин алган билимин андан ары тереңдетиш үчүн ошол кездеги ири маданий борбор болуп турган Багдад шаарына келген.

Мында ал Аристотель, Евклид, Птолемейдин эмгектери менен таанышкан. Кийинчирээк Орто Азия жана Кичи Азияны кыдырып, өмүрүнүн акырында Сирияга келген. Ал абдан тырышчаак жана эмгекчил адам болгон. Фараби жөнүндөгү маалыматтардын бири боюнча Аристотелдин «Физикасын» 40 жолу, «Риторикасын» 200 жолу окуп чыккан экен. Араб, фарс, грек жана башка бир катар тилдерди билген.

Фараби 25-30 жаштар чамасында эле чоң илимпоз катары белгилүү боло баштаган. Ошол мезгилдеги бардык илим тармактары боюнча 150дөн ашык эмгек жазган. «Музыканын улуу китеби», «илимдер тизмеги», «Органон» жана башка эмгектери бизге белгилүү. Фараби негизинен философия боюнча эмгектерди жазып, Аристотелдин жолун жолдоочу катары таанылган. Замандаштары менен шакирттери Фарабини өзгөчө урматтап, «экинчи устат», «экинчи Аристотель» деп аташкан. Фараби өз эмгектеринде дүйнөнү таанып билүүдө адамдын акыл-оюнун мүмкүндүгүн жогору баалаган, ошондуктан логика илимине чон маани берген. Ал медицина, философия, музыка, математика, астрономия боюнча көп эмгектерди калтырган. Фараби астроном катары жылдыздарга карап ааламдын жана башка жер бетиндеги кубулуштардын келечегин, тагдырын болжолдоого умтулган, алдын ала айтуучулуктун, билермандыктын жалган экендигин илимий негизде далилдеген.

Ал чоң музыкант, ырчы жана акын да болгон. Музыкалык аспаптарды өзү жасап, өзү черткен, күү да чыгарган. Аль-Фарабинин эмгектери Ибн Сина менен Омар Хаямга чоң таасир тийгизген. Фараби 80 жаш курагында Дамаск шаарында каза болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1969, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу