Байыркы кезде бул сөз азыркыдай мааниге ээ болгон эмес. Фамилия латын, башкача айтканда байыркы рим тилинен которгондо үй-бүлө дегенди билдирет. Адегенде бул сөз ушундай мааниде колдонулган. Азыр фамилия дегенде биз өзгөчө энчилүү ысымды түшүнөбүз: ал энчилүү ат катары бир адамга эмес, анын бүткүл тукум-уругуна берилет. Ушул тукум-уруктагы ата-энеден анын балдарына, неберелерине жана андан кийинкилерине өтөт. Тууган-урукка берилүүчү мындай энчилүү ысымдар, башкача айтканда фамилия, мурда болгон эмес.
Эмне үчүн? Байыркы убакта адамдар аз болгон. Аздан топтошуп жашап, бири-бирин жакшы тааныган. Мында Акмат жашайт, тигинде - Жуман, а бул Айсалкындын боз үйү. Бирин-бири менен чаташтырып албоо үчүн алардын энчилүү ысымдарын гана эстеп коюу жетиштүү болгон. Бирок элдердин анча чон, эмес кыштактарында төрт Асан жашаса, же бир нече үй-бүлөдө Жармагүл аттуулар болсо, аларды айырмалап эстеп калуу кыйыныраак болгон. Аларды: ал Асан - Мамытович башкача айтканда Мамыттын уулу, а бул Жармагүл Бекболоттун кызы деп, атап айырмалашкан.
Кыргыз элинде уулу, кызы, баласы, келини деп туугандык байланышына жараша айтылган. Мисалы, Жолдубай уулу Бейшен, Сагын кызы Айша. Адамдардын жашаган жери, тууган-уруктарынан белгилүү же айырмаланып турган кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүнө, кесибине байланышкан кошумча (жасалма) аттар пайда болгон. Мисалы, Махмуд Кашгари деген атты алып көрсөк, эл арасына анын атасынын аты унутулуп, жашаган жеринин аты, башкача айтканда Кашгари - Кашкарлык болуп кеткен. Убакыт өткөн сайын адамдар көбөйүп, чоң-чоң шаарлар пайда болот. Адамдар алыс жактарга катташа баштайт. Эми жеке, энчилүү ысым же кошумча ат менен бири-бирин айырмалап эстеп калууга мүмкүн болбой калат. Ошентип фамилия пайда болот. Адегенде фамилия байларга, атактуу адамдарда гана болгон.
Кийинчерээк фамилия тектүүлүктү билгизүүдөн калган. Ар бир адамдын өзүнчө фамилиясы болсо канчалык ыңгайлуу болорун турмуш көрсөттү. Бирок мынчалык көп, ар башка фамилияны кайдан алууга болот? Көпчүлүк фамилиялар атасынын атынан келип чыккан. Үсөндүн баласы Кенжебекти - Кенжебек Үсөнов деп аташкан.
Анын бир туугандары Керимбек менен Нарынбек - Үсөновдор болушкан. Ал эми Үсөновдордун балдары Кенжебеков, Керимбеков, Нарынбеков деген фамилияда болушкан. Кыргыз элинде да мурдагы мезгилдерде фамилия болгон эмес. Совет бийлиги орногондон кийин гана орус элинин үлгүсүндөгү фамилиялар пайда боло баштаган. Фамилиялардын көпчүлүгү - ов мүчөсү аркылуу жасалган. Бирок - ин мүчөсү уланып да (Саманчин Тазабек, Мураталин Искендер, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу) фамилиялар таралган. Кээ бир фамилияларда эки мүчө катарлаш уланган: Баялинов Касымалы, Жамгырчинов Бегималы, Саралинов Эрик. Азыр Мамен Токтобай уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Калбүбү Жапар кызы, Айныз Тагаш кызы деген фамилиялар учурайт.
Эч кандай мүчөлөрү жок фамилиялар да бар. Мисалы, Сооданбек Жали, Мусабай Бектур, Мыктыбек Арстанбек. Мындагы Сооданбек, Мусабай дегендери фамилиянын милдетин аткарып турат. Кыргыз фамилиялары үч түрдүү жол менен калыптанууда. Алардын ичинде чоң атасынын аты-фамилиясы, ал эми өз атасынын аты отчество болуп жазылгандар басымдуу. Кээ бирлеринин атасынын аты фамилия болуп катталган. Өз атасынын аты фамилия, ал эми чоң атасынын аты отчество болуп жазылгандар да учурайт. Орус элинде кээде эл койгон ат да фамилияга айланган. Алты жүз жылдай мурда Григорий деген бояр жашаган, ал катуу сүйлөгөндүктөн Пушка деп аталып калат. Акын Александр Сергеевич Пушкин анын кыбырасы.
Ошол эле мезгилде жашаган Андрей Харитонов деген бирөө Толстой деген кошумча атка ээ болот. Анткени ал өтө толук адам болсо керек. Улуу жазуучу Лев Николаевич Толстойдун фамилиясы ушундан улам келип чыккан. Фамилиялардын ичинен - ский деген мүчө менен аяктагандары да бар. Бул мүчө ошол фамилиядагы адамдын туулган жерин, кайсы жердей экендигин билгизет. Мисалы: Шуйский деген фамилиядан ал адам Шуя деген жерлик, Вяземский дегендер - Вязьмалык деп билебиз. Бир тууган-уруктагы үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү фамилилялар өтө ар түрдүү болот. Алардын ичинде адамды таң калтырган укмуштуудай же түшүнүксүз фамилияларды кездештирүүгө болот. Булардын келип чыгышын изилдеп табууга болот. Алардын тегин окумуштуулар изилдешет.
Кээде эскирип, унутулуп калган байыркы сөздөрдөн келип чыккан фамилиялар бар. Хазар деген элдин жок болуп кеткенине көп болду. Бирок азырга чейин Хазаринов же Казаринов деген фамилиялар кездешет. Энчилүү аттар, фамилиялар жөнүндөгү илим ономастика деп аталат.