Эсенгул Болот уулу (1730-35-ж. - 1810, Токмок шаары) - 18-кылымдын 2-жарымында тундук (негизинен он, канат) кыргыз урууларынын жетекчиси болуп турган манап. Кыргыз фольклорунда бул адам жонундо коптогон уламыш окуялар айтылып калган. 18-кылымдын 2-жарымынан Туштук Жетисуу аймагынан Жунгар калмактарын суруп чыгарышкан казак-кыргыздын ортосундагы жайыт талаш-тартыш чатагы кучойт. 1771-жылы Орто Жуз казактарынын султаны Кокжал Барак (Сан Барак) кыргыздарга каршы жортуул жасайт. Чуйго келип, Шамшы аркылуу Кочкорго тушкон. Эсенгул баатыр башкарган кыргыз аскери Барактын 17 минге жеткен жоокерлерин Кочкоратага жакын аймакта таш талканын чыгарып, султанды олтурушкон. 1785-86-жылдары казактардын султаны Бердикожо кыргызга кол салып, баскынчылык кылганда Эсенгул баатыр баштаган кыргыз аскери Бердикожонун жоокерлерин талкалап, озун олтурушкон. 1786-жылы Канкожо атту казак султаны менен кыргыз жетекчилери Эсенгул баатыр Атакенин ортосунда тынчтык, жарашуу маселеси боюнча суйлошуулор болуп, казак-кыргыз ортосундагы чатак тынчыган.
Эсенгул баатыр алп денелуу адам болгон, согушта коп баатырдык коргозгон. Эл ичинде «чондугу Эсенгулдай» деген ылакап соз тараган, «казык моюн Эсенгул» деп да айтышкан.