Эс - акыл тарбиясы


Балдарды бардык тараптан өнүктүрүүдө эс - акылды тарбиялоо маанилүү орунду ээлейт. Ал балдарды билимдер менен куралдандырып, аларда дүйнөгө илимий көз караштын негизин калыптандырып, алардын ойлоосун, билимин арттыртат жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт, акыл эмгегинин маданиятын иштеп чыгуусун камтыйт. Эс-акыл тарбиясынын милдети бул окуучулардын эс-акылын, таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү жетекчиликке алуу, аларда интеллектуалдык ишмердикке кызыгууну козгоо. Дагы бир милдети балдарды билим менен гана куралдандыруу болбостон, алган билимине ээ болуунун, практикада колдонуунун ыкмалары менен да куралдандыруу болуп саналат. Балдарды өз алдынча билимге ээ болууда жана окууда, күндөлүк турмушта аны колдоно билүүгө үйрөтүү эң маанилүү. Акыл тарбиясынын маанилүү милдети болуп балдарды акыл ишмердүүлүгүнө, билимин дайыма байытып турууга болгон талабын өнүктүрүү болот. Илимдин, техниканын жана маданияттын күчөп өнүгүшүнө байланыштуу, бул милдеттер азыр айрыкча зор мааниге ээ. Акыл тарбиясынын мазмунун жаратылыш, коом жана адам жөнүндөгү өндүрүштүн негизиндеги билим түзөт.

Аны менен бирге балдарга коюлган максатка жетүүдөгү өз алдынчалуулук, демилгелүүлүк, байкоочулук, туруктуулук сыяктуу сапаттарды иштеп чыгуу эс - акыл тарбиясынын мазмунуна кирет. Дагы бир эс акыл тарбиясынын мазмунуна кирүүчү нерсе - балдарда өздөштүрүү, эске тутуу, элестетүү, ойлоо, сүйлөө, көңүл буруу сыяктуу психикалык процесстерди өнүктүрүү. Ошондуктан акыл тарбиясын иш жүзүнө ашырууда ата-эне мүмкүн болушунча билимдүү болгону дурус. Эс - акыл тарбиясынын өзөгүн дүйнөгө илимий көз карашты калыптандыруу түзөт. Ошондуктан балдар ээ болгон билимдер алардын жеке ишенимдери болуп калышы керек. Эгерде ата-эне баланы жаратылыштын курчап турган чөйрөсүн илимий фактыларга таянып түшүндүрсө ага мүмкүн болушунча далилдерди келтирсе, ишенимдүүлүктүн калыптанышына жакшы шарттар түзүлөт. Акылды өстүрүү - бул тынымсыз процесс. Ал оюндарда, окууда, эмгекте, турмуштун ар түрдүү жагдайларында ишке ашырылат. Ошондуктан ата-эне билимди баланын жеке көз карашына, анын рухий байлыгына айландыруусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуусу зарыл.

Буга бат эле жетишүү кыйын, анткени билим өзү көз карашты камсыз кыла албайт. Эгерде бала билим алуу процессине активдүү катышса, анда интеллектуалдык, эмоциялык күчтөр пайда болуп бирдемени билүүгө эркти жумшаса билим ошондо гана көз карашка айланат.

2016-06-09 1506 Бала гигиенасы жана тамактануусу Жыргалбекова С. 2016-06-09

Мээрим
Ото жакшы пайдалуу создор жазылыптыр.