Психикасынын өнүгүү процессинде бөбөктүн ар кандай аракеттерди өздөштүрүүсү психикалык процесстердин калыптанышын камсыз кылат, ал адамдын коомдогу жүрүм-турумунун формасына ээ болот. Эки жашка караганда бөбөк өтө эле эмоционалдуу, анан эмоциясы туруксуз болуп, күлкүсү ыйга өтсө, кайрадан кубанычтуу жандануу байкалат. Айрым учурда заттар менен аракеттенүүдө пайда болгон кыйынчылыктар балада терс эмоционалдык абалды пайда кылат. Баланын каалоосу, анда ар кандай эмоционалдык абалдын пайда болушу анын жүрүм-турумунун түзүлүшүнө таасир этет. Ошондуктан чоздор баллада оз эмоционалдык абалды тарбиялоосу зарыл.
Кубануу, башкалар үчүн кам көрүү жана башка эмоционалдык абал менен катар корку, таарынуу, ыза болу сыяктуу терс эмоционалдык абал да байкалат. Пайда болгон терс эмоционалдык абалды чоздор контролдоп, жөнгө салып баланын жүрүм-турумун тарбиялоого тийиш. Бөбөктө оз эмоционалдык абалдын түзүлүшү, терс эмоционалдык абалдын чектелиши калыптаныш өбөлгөсү катары каралат. Эрте жаш куракта бөбөк чоздордун өзүнө болгон мамилесин кабыл алып, жүрүм-турумунда ар кандай эмоционалдык абалда болот.
Мындай абалда, жүрүм-турумдун өзгөчөлүгүн Айжандын 1 жаш 2 ай – 1жаш 6 ай мезгилинде болгондугун белгилеп кетүүгө болот. Аябай назик, жароокер. Куурчагы менен ойногондо сылап, көтөрүп, өз тилинде сүйлөшөт.
Чоздор ачууланса күнөөлүү болгондой аларга карап жароокерленет. Телевизордон бала ыйласа тынчысызданат, бизди жардамга чакырат. Оюнчуктарын сылап, уйпалабай ойнотот.
Ызакор, ишенимсиз, коркок булл терс эмоционалдык абал, айрыкча ишенимсз. Негизинен оз эмоционалдык абал басымдуу жүрүм-турумунда жыйнактуулук, боорукердик башкалардын өзүнө болгон мамилени түшүнө билүү байкалат. Ал кызым жакшы дегендей «мактоо» сөздөргө өзгөчө маани берет. Бөбөктүн өзүнүн жүрүм-турумун аз сезимдүү башкарып, жөнгө салу мүмкүнчүлүгү чектелген.
Бөбөк жашында нравалык сезимдин башаты калыптанат, андыктан эне бөбөктү башкаларды түшүнө билүүгө үйрөтүү зарыл. «Акырын сүйлө, атаз чарчады, чоз атаздын баш кийимин алып бер" дегендей сыяктуу көптөгөн талаптарды коё билүү маанилүү. Эки жашар бөбөктө өзү менен ойногон жолдошторуна карата оз сезим пайда болот.
өзүнүн жакшы көрүү сезимин билдирүү ар кандай формада өтөт. Бул жылмаюу, эркелеткен сөз, боорукердик жана назар салу, кубанычын бөлүшүүгө умтулуу. Эгер бир жашында жакшы көрүү сезими туруксуз болсо эки жашында мындай сезим аз-сезимдүүлүккө өтөт. Чоздор менен болгон мамиленин натыйжасында эки жашар баллада мактоо сөзгө карата эмоционалдык реакция калыптанат. Р. Х.Шакуров белгилегендей: мактоо сөзгө болгон эмоционалдык реакциянын башталышы өзүн баалоо, өзүнүн сапаттарына болгон мамиле оз эмоционалдуу абалды калыптандыруунун шарты.
Баланын социалдык өнүгүүсү эки багытта өтөт.-Адамдардын өз ара мамилелеринин эрежесин баланын өздөштүрүүсү аркылуу;-Бөбөктүн заттар менен аракеттенүүсүнүн негизинде;Биринчи учурда баланын чоздордун мамилесине муктаждыгы, алгачкы жүрүм-турумдун нормасын өздөштүрүүдө чоздордун жардамынын зарылчылыгы, экинчи учурда бөбөк күнүмдүк заттар менен аракеттенгенде чоздордун назар салуусуна муктаж. Ата-эне анын аракетин белгилөө менен баланы инсан катары кабыл алат. Баланын инсан катары калыптанышы карым-катнаштын жалпы түзүлүшүнө байланыштуу өтөт.
Бир жаштагы бөбөктүн психикасынын өнүгүүсүндө аны менен мамиле түзүү, таанып-билүүсүн активдештирүү маанилүү. Эгерде чоздор ымыркайды жөн гана эркелетип, кам көрсө, бул өнүгүүнүн чектелиши, анын багытталып жөнгө салынбагандыгы катары мүнөздөлөт. Эки жаштын аягында бөбөктү жүрүм-турумдун эрежесин сактоого үйрөтүү, эрк аракетинин пайда болуш өбөлгөсү катары каралат.
Бөбөктү иштеген ишинин аягына чейин аткарууга үйрөтүү эрк аракетин тарбиялоодо маанилүү. Мисалы, оюнчукту жыйноо. Берилген тапшырманын аткарылышы өз алдынча тамак ичип, кийимин кийе билиши, баланын өз алдынчалыгын, эрк аракеттерин калыптандыруунун каражаттары. Айлана чөйрөдөгү адамдар менен болгон мамилелеринин негизинде бөбөктө инсандык сапаттар калыптанат. Инсандык сапаттардын калыптанышында баланын өз алдынчалыгынын пайда болушу негизги фактор.
Эрте жаш куракта өз алдынчалык дени сак бөбөктүн практикалык турмушунда өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша чоздордун жардамысыз аракеттенүүгө умтулуусунда байкалат. Баланын өзүм кийем, өзүм бут кийимимди чечем деген аракеттерин багыттап калыптандыруу зарыл. Чоздор бөбөктүн аракетинин жай болушуна байланыштуу жардамдашууга умтулат, мунун негизинде баланын каалоосу төмөндөйт. «Мен өзүм» деген инсандык аракеттер пайда болушу, анын каалоосунун жазы формасы чоздордун каалоосу мекнен шайкеш келбеши мүмкүн.
Балада «мен өзүм» деген аракеттин пайда болушу, анын активдүүлүгүн арттырат, чоздор менен жазы мамилени, иш-аракеттин жазы тибин түзөт. Бөбөктүн чоздор менен болгон мамилесинин өзгөчөлүгүн Н. А.Менчинская балада «чыргоолуктун» пайда болушу менен түшүндүргөн. Бөбөк өзүнө карата түзүлгөн мамилени кабыл алып, өзүндө пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү сезет. Бөбөк өзүн башкалардан бөлүп, чоздор менен салыштыра баштайт.
Чоздорго окшош болгусу келет, өз алдынчалыкка умтулат, ар кандай аракеттерди аткаргысы келет. Бөбөктүн каалоосу жана аракеттери көп жактуу боло баштагандыктан үч жаштын аягында айрым өзгөчөлүктөр байкалат. Бала өзүнүн каалоосун иш-жүзүнө ашырып чоз болгусу келет. Ошондуктан анын каалоосу менен чоздордун балага койгон талабы шайкеш келбегендиги байкалат.
Бала өзүнүн каалоосун канаттандырып чоз болгусу келип, өз алдынча болууга умтулганы ачык байкалат. Бөбөктө «мен өзүм» деген түшүнүк менен катар жүрүм-турумунда өжөрлүк да байкалат. А. П.Ларин үч жашар бөбөктө жагымсыз шартта өжөрлүк пайда боло баштайт деп белгилеген.
Анткени, мындай шарттар бөбөктүн өз алдынчалыгын, сезимин, демилгесин чектөө өжөрдүк пайда болуш себеби болуп саналат. Бул себептердин пайда болушунда чоздор менен баланын мамилесинин өзгөчөлүгү каралат. Чоздордун бала менен болгон мамилесинде ар кандай кыйынчылыктар кездешет. Өжөрлүк бөбөктүн койгон талабын аткартуу же каалаган максатына жетүү менен түшүндүрүлбөстөн, талабынан баш тартууну каалабагандыгы менен түшүндүрүлөт. Мындай өзгөчөлүк үч жашар балада бурулуш мезгилдин пайда болушу катары кароого болот.
Бөбөктөгү кескин бурулуш «жеке бийлик», «өзүмчүлүк» формасында байкалат. «Жеке бийлик» баланын айлана-чөйрөдөгүлөргө үстөмдүк кылууга умтулуусу. Бөбөк чоздордун өзү каалаган нерсени аткарууга мажбурлайт.
Мисалы, энесине өзү айткан оюнчукту сөзсүз алдырат, бардыгы ага көзүл буруусун талап кылат, ыйлайт, жер тепкилеп жатып алат. Л. С.Выготский кескин бурулуш учурунда баланын үйдөгү «үстөмдүк» мамилесин төмөндөгүдөй мүнөздөйт. Мисалы, энеси менен көчөдө бара жатканда жердеги жаман кагазды алып берүүнү талап кылган. Энеси ал кагазды алып бербесе жерге жатып алып ыйлаган. Л. С.Выготский кескин бурулуштун мындай өтүшү баланын нерв системасынын ишине терс таасир тийгизет,- деп аныктаган.
Үч жаштагы бөбөк көптү билип, өз алдынча болгусу келет. Анын булл мезгили өнүгүүдөгү кескин бурулуш катары белгиленет. Бөбөк жаш курактын жазы баскычына өтүү менен анын мамилеси, иш-аракетинин мазмуну өзгөрөт, сөздү түшүнүп өздөштүрүүсү калыптанат.
Бөбөктүн жүрүм-турумунун туруксуз, тез өзгөрүшү байкалат, анткени нерв процессинде козголуу басымдуулук кылат. Кескин бурулуш учурунда үч жаштагы бөбөк өзүнүн каалоосун эки багытта чагылдырат. Бир учурда чоздор бөбөктүн керектөөсүн, каалоосун четке кагуусуна байланыштуу. Эгерде ойноп жаткан баланы тамак ич деп жетелп келсе, ал «мен өзүм» деп кайра мурунку ордуна турат.
Мындай мажбурлоо баланын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизет. Экинчи учурда бөбөктүн чоздордун иш-аракеттине кийлигишүүсүнүн «мен дагы» деген аракети байкалат. Мисалы, «мен деген үйдү жыйнайм» ж. б. колунан толук келбеген ишти аткарууга умтулат. Чоздор мындай учурда бөбөктүн каалоосун туура багыттап жөнгө сала билүүсү аны жардамчы, «ишкер» катары кабыл алуусу зарыл.Эрте жаш куракта баланын инсандык сапатынын өнүгүүсүндө төмөндөгүдөй мүнөздүү өзгөчөлү байкалат.
-Эрте жаш курактагы баланын керектөөсү жана кызыгуусу пайда болот.-Эрте жаш куракта баланын иш-аракеттеги активдүүлүгүнүн формасы жана мазмуну өзгөрөт.-Инсандын калыптанышында керектөөнүн багыттуулугу артат.Эрте жаш куракта баланын чоздор менен карым-катнашка умтулуусу, заттар менен аракеттенүүсү, заттын аспаптык маанисин өздөштүрүүсү, жүрүм-турумдун өз алдынчалыгынын пайда болушу, эмоционалдык реакциянын тарбияланышы, органикалык керектөөлөрдүн негизинде социалдык керектөөлөрдүн түзүлүшү баланы психикалык процесстеринин өнүгүүсүнүн жана инсандык сапаттарынын калыптаныш шарты.
Кескин бурулуш мезгилинин өтүшү чондордун балага болгон мамилесине байланыштуу. Ата-эненин баланы мажбурлап башкаруусу бурулуш мезгилинин өтүшүндө баланын психикасынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Этият мамиле, баланын өз алдынча аракетин багыттоо, ынандыруу, алаксытуу, үндүн басымын контролдоо бөбөктө оз сапаттарды пайда кылып, бурулуш мезгилинин жезил өтүшүнө шарт түзөт.
Баланын мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, кызыгуусун эске алып, иш-аракетте керектөөсүн канаттандырганда жана чоз кишилер бала менен өз ара мамилени жөнгө салганда, тарбиянын туура уюштурулушу камсыз болот. Мындай шартта келечекте баланын тил азар болуу коркунучу чектелет. Үч жаштагы кескин бурулуш тарбиянын тура багытталышына байланыштуу өткөөл мезгил катары каралат. Үч жаштын аягында бөбөктө сапаттуу өзгөрүүлөр байкалат. Баланын аракетинин активдүүлүгүнүн өсүшү анда башкаларга карата жазы мамилени пайда кылат.
Бул куракта балада чоздорго талап коюу, өзүнүн айтканын аткарууга аракеттенүү байкалат. Кескин бурулуш балада мүмкүнчүлүк менен аракекттерде пайда болгон карма-каршылыктан байкалат. Мындай учурда чоздор баланын жекече өзгөчөлүгүн, каалоосун, мүмкүнчүлүгүн эске алып этият мамиле жасоого тийиш. Бул мезгилде оюн аракеттери чоз мааниге ээ. Мындай кескин бурулуш убактылуу пайда болуп өтүүчү кубулуш, бирок ал психиканын өнүгүүсүндө жана инсандын түзүлүшүндөгү негизги кадам.
Эрте жаш курактагы бөбөктүн психикасынын өнүгүүсүндө төмөнкүдөй сапаттуу өзгөрүүлөр пайда болот.1.Бөбөк багыттуу кыймылдарга ээ болот. Ал басу, чуркоо менен чектелбестен, ар кандай максаттуу аракеттерди өздөштүрөт.2.Өнүгүүсүндөгү жазы мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушу дүйнөнү таанып-билүүнүн жолу.3.Бала сүйлөөгө үйрөнөт. Мунун негизинде өзүнүн каалоосун, оюн, керектөөсүн билдирет. Заттар менен аракеттенип, көптөгөн билимдерге ээ болот.
Заттарды корутундулоонун жазы баскычына көтөрүлөт.4.Баланын каалоосу аракеттенүүнүн мотиви катары кызмат кылат.5.Балада баамдоо, түшүнүгү пайда болуп, сөз эмоционалдуу реакциянын сигналы болот.6.Баланын жетишкен мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу жазы каалоолор пайда болот.Бул биринчиден мазмундуу ишмердүүлүктөгү керектөө. Экинчиден, чоз кишилер менен мамиле түзүүгө пайда болгон керектөө. Үчүнчүдөн өзүнүн жолдоштору менен мамиле түзүүгө болгон керектөө.