Эрте жаш курактын алгачкы мезгилинде бөбөк өзүнүн айланасындагы заттарды кабыл алып, аларды кармалап көрүүдө өз ара байланыштарына таянат. Мындай татаал аракет баланын акылынын өнүгүүсүнүн өбөлгөсү. Эрте жаш куракта кабыл алууда жана ойлоодо жазы аракеттердин калыптана башташы баланын акылынын өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Башка психикалык процесстер менен катар эс, көзүл буруу, элес жана чыгармачылык сыяктуу психикалык процесстер баланын иш-аракети менен байланыштуу өтөт. Эрте жаш куракта эрксиз көзүл буруу басымдуу.
Баланын кызыгуусу пайда болгондо көзүл буруунун туруктуулугу пайда болот. Мисалы, бир жашар бөбөк оюнчук менен 10 минута ойной алат. Көзүл бурууну уюштурууда анын түшүнүгү, сезими да негизги факторлордун бири катары белгилешет. Кыял чабыты оюн аракетинде түзүлө баштайт.
Бөбөк чыбыктан ат минип, өзү чабармандын аракетин туурайт. Кыял чабытынын пайда болушунда заттар менен аракеттенүү, оюн аракеттерин уюштуруу маанилүү. Эрте жаш куракта бөбөк заттардын айрым бир касиетин бөлүп карап, аларды тааныйт. Мындай өзгөчөлүк бир жаштагы балага таандык.
Эки жашар бала объектинин айрым белгилерин кабыл алат да мейкиндиктеги абалына мани бербейт. Мисалы, китепти тескери кармап сүрөтүн көрөт. Демек, бир жаштагы бөбөк затарды ыраттуу түрдө карап, анын айрым касиеттерин көрүп кабыл алууга даяр эмес.
Көрүү аракеттери заттын формасына жана көлөмүнө багытталат. Заттарды толук жана көп жактуу кабыл алуу жазы аспаптык аракеттердин түзүлүшү менен бирдиктүү каралат. Эрте жаш куракта аракеттерди ылайыкташтырып аткарууга үйрөнүүдө бала заттын бөлүктөрүн, формасын жана көлөмүн, өзүн тандап мейкиндикте жайгаштырат.
Бала пирамиданы, кубикти ылайыкташтырып кайра жыйганда көлөмү боюнча тандоого үйрөнүүдө аларды ченейт же формасын көрүү аркылуу болжолдуу салыштырат. Туура эмес жыйнаса, кайрадан салыштырат, мындай сырткы болжолодуу аракеттер туура практикалык натыйжага жетүүгө шарт түзөт. Сырткы практикалык аракетке ээ болу чоздордун көрсөткөн жардамына байланыштуу. Заттардын формасын, көлөмүн көрүү аркылуу кабыл алып, кайра чагылдырууда автодидиактикалык, б. а. өз алдынча үйрөнүүгө көмөктөш оюнчуктар тандалат. Сырткы болжолдуу аракеттердин жардамы менен заттардын касиеттерин ылайыкташтырып салыштыруудан бала аларды көрүү аркылуу салыштырууга өтөт.
Кабыл алууда аракеттин жазы тиби калыптанат. Бала бир заттын касиетин үлгү катары пайдаланат, анын жардамы менен башка заттардын касиетин ажыратат. Мисалы, пирамиданын шакекчеси башка шакекчелерин ченөөнүн үлгүсү же таякчанын узундугу белгиленет. Кабыл алуунун жазы аракетине ээ болууда бала көрүү аркылуу заттар менен аракеттенүүгө өткөндөгү байкалат.
Ал керектүү заттарды жана анын бөлүктөрүн кабыл алат. Мунун натыйжасында үч жашар бала формасы боюнча айырмаланган эки затты карап, салыштырып, үлгү катары алынган үчүнчү затты табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көрүү аракеттери эз алгач бир жашка чейинки куракта заттарды кармалап көргөндө, кийинчерээк үлгү боюнча ылайыкташтырып ченегенде түзүлө баштагандыктан, аракеттин татаал жазы тиби, көз менен болжоп ченөө пайда болот.
Баланын кабыл алуусу бүтүндөй заттар менен аракеттенүүнүн аткарылышы менен байланыштуу өтөт. Бөбөктүн кабыл алуусунун өнүгүүсү анынзаттардын касиеттерин элестетүүсү менен байланыштуу каралат. Психологиялык изилдөөлөрдө үч жашар бала беш-алты заттын формасын элестетип өздөштүрө алгандыгы белгиленген. Эрте жаш куракта көрүү аркылуу кабыл алуу менен катар, угуу аркылуу кабыл алуу ургаал өнүгөт.
Чоз кишилер менен болгон карым-катнашта баланын тыбыштарды, сөздү, үндүн басымын кабыл алуусу эне тилин угуп, аны өздөштүрүүсүнүн шарты. Эки жаштын аягында бөбөк эне тилиндеги бардык тыбыштарды кабыл алат.