Кыргыз окмотунун экономикалык саясаты Кыргызстан саясий коз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге коз каранды бойдон калган. Анткени республиканын онор жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктуу комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды ондурууго адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо олконун башка региондорунда чыгарылып, андан тушкон кирешелер ошол жакта калып калуучу. Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштар узулуп, республикалык финансы жана материалдык жактан ото кыйын абалда калган. Ушундай шартта 1992-жылы июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тогузунчу сессиясы окмоттун 1992-1995-жылдарга эсептелген экономикалык реформаларынын Программасын талкуулап, кабыл алган. Программада 1990-жылдан жургузулуп жаткан экономикалык реформаны республиканын стратегиялык багытына ылайык онуктуруу каралган. Мамлекеттик программада менчиктештируу, жер реформасы, калкты социалдык жактан коргоо, мамлекеттик инвестициялар боюнча конкреттуу милдеттер аныкталган жана Кыргызстанда рынок мамилелери: менчиктештируу, бааларды либералдаштыруу, жеке менчик киргизуу, соода эркиндиги, экспорт жана импорт боюнча чектоолорду жоюу, бирдиктуу кредит, финансы, акча жана салык саясаттарын бир мезгилде жургузуу каралган. Менчиктештируунун биринчи этабында (1991-1993) коомдук чарбанын 32,6% и менчиктештирилип, ишканалардын 17,5 пайызы акционердик коомдорго откон онор жайдын - 39 пайызы, курулуштун - 67,5 пайызы, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлоо тармагы - 98,7 пайызы, соода жана коомдук тамак аш - 80,7 пайызы менчиктештирилген. 1994-жылы менчиктештируудогу мучулуштуктор эске алынып, мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратып менчиктештируунун жаны программасы иштелип чыккан. Ушундан тартып Кыргызстанда менчиктештируунун экинчи этабы башталат.
Бул мезгилде менчиктештируу экономиканын тузулушун кайра курууга, жеке менчик ээлеринин катмарын калыптандырууга, ошол аркылуу рынок мамилелеринин реалдуу негизин тузуу максатын коздогон. Менчиктештируунун журушундогу баш аламандык токтотулуп, бул иште айкындуулукка жол ачылган. Менчиктештируунун масштабы жана темпи бир аз азайтылган. Программага ылайык, мамлекеттик мулктор менчиктин акционердик, жеке, аралашма ж. б. турлоруно айлана баштаган. Натыйжада республиканын экономикасынын 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик эмес ишканалар тузуп калган. Жаны агрардык саясат Мурдагы колхоз-совхоз системасы оздорунун мумкунчулукторун толук пайдаланып буткондуктон, 80-жылдары эле алардын кобу жанбактылык маанайда болуп калышкан.
[ushka=seredina]Алардын мамлекетке карызы жылдан жылга оскон. Айыл чарбасын рынок экономикасына ылайыкташтыруу учун Кыргызстанда 1991-жылдан жер жана агрардык реформасы жургузуло баштаган. 1991-жылы ноябрда Президент айыл чарбасындагы мамилелерди жонго салуу учун атайын Указ чыгарып, Указ боюнча 1992-жылы 1-декабрына чейин айылдыктарга жана шаардыктарга бардык региондордо жер участокторун болуп беруу белгиленген. 1993-жылы 1-февралына чейин рентабелдуулугу 15-25 пайызды тузгон колхоздорду айыл чарба кооперативдерине айландыруу каралган. Реформага жетекчилик кылуу учун 1991-жылы ноябрда эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын жер реформасы боюнча мамлекеттик комиссиясы тузулгон. 1993-жылдын аягында 172 колхоз-совхоздор таркатылып, алардын ордуна 17,5 мин дыйкан чарбалары, 197 кооперативдер, 120 майда ишканалар, 119 ассоциациялар жана 9 акционердик коомдор тузулуп, алар айыл чарба продукциясынын 52 пайызын ондурушкон.
Ушул жылдын июлунан айыл чарба продуктуларын мамлекет рынок баасында сатып ала баштаган. 1995-жылга карата дыйкан (фермер) чарбаларынын саны 21,1 минге жеткен. Булардын ичинен айрым чарбалар тез арада эле рынок мамилелерин оздештурушуп, ондурушту жолго коюуга жетишип, пайда коро баштаган. Бирок жаны типке откон копчулук чарбалар экономикасы ото кыйын абалга дуушар болушкан. Кыргызстандын айыл чарбасынын негизин тузгон мал чарбачылыгындагы абал да начарлап, республикадагы койдун башы кескин азая баштаган.
1994-жылы январда республиканын бардык чарбаларында 7,5 млн баш кой калган. Ал эми 1995-жылы январга карата алардын саны 4,5 млнго тушкон. Реформа жургузулгон алгачкы беш жылда дыйканчылык да ото начарлап кеткен. Дан эгиндери менен, тоют осумдукторун айдоо 21-23 пайызга томондогон. 1994-жылы эгиндин дун жыйымы 1993-жылга салыштырганда 35 пайызга, дыйканчылыктын дун жыйымы 20 пайызга ылдыйлаган. Жер жана агрардык реформанын жургузулушунун натыйжасында 1991-1998-жылы Кыргызстандагы 515 колхоз, совхоз ж. б. айыл чарба ишканалары реформаланып, алардын базасында 54,5 мин жеке чарба, 367 айыл чарба кооперативи, 318 коллективдуу дыйкан чарбалары, 47 акционердик коомдор жана 8 агрофирма тузулгон. 1998-жылы 17-октябрда жерди жеке менчикке беруу жонундогу маселе референдумга коюлуп, копчулук элдин колдоосуна ээ болгон. Натыйжада, КМШ олколорунун ичинен эн биринчилерден болуп, Кыргызстанда жеке менчик киргизилген.
Жер жана агрардык реформаны жургузуунун натыйжасында республиканын агро-оноржай комплексинде рынок мамилелеринин калыптанышы учун укуктук жана экономикалык негиздер тузулгон: - айыл чарбасында жеке, коллективдуу жана мамлекеттик менчикке негизделген коп укладдуу экономика тузулгон, - айыл чарба продукциясын ондуруудо, болуштуруудо жана керектоодо монополия жоюлган, - жеке менчиктин киргизилиши менен ондуруштун натыйжалуулугун которуу учун шарт тузулгон, - чарба жургузуунун алдынкы ыкмаларын, илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин пайдаланууда, продукциялардын сапатын жакшыртууда конкуренцияга кенири жол ачылган, - дыйкандар менен фермерлердин продукция ондуруудогу жоопкерчилиги оскон, алардын чарбаны натыйжалуу жургузууго болгон кызыкчылыктары жогорулаган. Жетишкендиктерге карабастан реформанын журушундо бир катар кемчиликтер кетирилип, кыйынчылыктар пайда болгон: - айыл чарбанын материалдык-техникалык базасы - техникалар, короо-сарайлар ж. б. булунуп талоонго учураган, - ондуруш кескин турдо томондоп, айыл чарбанын кирешеси азайган, - машиналарды, жабдууларды, урон, жер семирткичтерди, майлоочу жана куйуучу майларды алуу учун капитал жетишсиз болгон, - мурда пайдаланылып жургон копчулук жерлер иштетилбей калган, - айыл жеринде жумушсуздук жана жакырчылык куч алган, - кол эмгек менен ондурулгон айыл чарба продукцияларын сатып откоруу кыйынчылыкка турган. Агрардык онор жай комплексинин онугушун камсыз кылуу учун айрым мыйзамдар кайра каралып, Кыргыз Республикасынын «Жер жонундогу», «Кооперация жонундогу» жана «Дыйкан (фермер) чарбалары жонундогу» мыйзамдары иштелип чыгып, Жогорку Кенеш тарабынан 1999-жылы майда кабыл алынган. Бул мыйзамдар республикасынын агро-онор жай чойросундо топтолгон маселелерди чочуудо, ондуруштук мамилелерди жонго салууда маанилуу укуктук негиз болуп калды. 2000-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаевдин жер реформасына байланышкан мыйзамдарды озгортуу жонундогу сунушун Жогорку Кенештеги талкуудан кийин «Жер Кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мараторий алынып ташталды. Ал эми 2001-жылы август айында Кыргызстандын Окмоту айыл чарбасындагы жер участокторун сатуу, сатып алуу тартиби жонундо Жобону бекитти. Агрардык реформанын натыйжасында 2002-жылы айыл чарба продукцияларынын 90 пайызы жеке менчик чарбаларда ондурулгон.
Ондурулгон продукциялардын 44 пайызы дыйкан жана фермер чарбаларга туура келген. 2003-жылы башында Кыргызстанда 240 мин дыйкан (фермер) чарбалары, 600 ар турдуу айыл чарба бирикмелери, анын ичинде 462 кооперативдер иштеген. Натыйжада, Кыргызстандын элинин азык-тулукко болгон талабын канааттандырууда ишенимдуулук камсыз болду.