Эр эңиш дегенде ат үстүндөгү кармашты элестетебиз, бирок ал андай эмес, анткени майданга чыгаар алдында бир канча машыгуудан өтүшөт. Эр эниш оюну жонундо кененирээк билүү үчүн машыгуунун баскычтары менен таанышып алалы.
Эр эниш күрөшү алдында балбандар ат үстүнө чыгып, белине күрмөктөп атайын кур байланат. Андан соң күрөш башталып, аттан кайсы балбан атаандашын энип түшүрсө женүүчү болот. Эр эниш кармашынын узактыгы 6 мүнөткө чейин барат. 6 мүнөткө жеткирбей түшүрүп салса таза алган болот.
Эки балбан бири-бирин алалбай, курларынын тартышып турган учурду талаш учуру (спорный момент) деп коюшат, мындай учурда балбандарга эч кандай упай берилбейт. Эгер кайсы бир балбан аттын моюнун бир колу менен кармап калса, экинчи балбанганга эки упай берилет. Эгер балбан атаандашынын колун өз атынын жалынына 2 секундадай басып (тийгизип) турса анда ага 1 упай берилет.
Эр эниш оюнунда балбандын жөндөмдүүлүгү менен күчү канчалык мааниге ээ болсо, минген атынын дагы такшалгандыгы маанилүү. Негизи оюнда жылкы чыдамкай, күчтүү жана жоош болушу шарт.
Күчтүүлүк, намыстуулук, шамдагайлык, ошондой эле ийкемдүүлүктү талап кылган оюнда, балбандар жылкы баласы менен дагы бири-бирин туура түшүнүп туруусу керек. Илгери көчмөндөр убагында, же байыркы замандарда түрдүү кармаштарда курал-жарактар жок болуп калган учурда, кыргыз жигиттери душмандар менен ат үстүндө кармашып, жеңишке жетишкен.
Эр эниш оюну эң көп жараат алган оюндардын катарына кирип, көбүнчө жигиттердин колу-буту сынат. Ал гана эмес адам өмүрүнө коркунуч алып келген учурлар да болот. Женишке жетүү максатында каршылашынын моюнун, колун кайрып, булчундарын мыжып, ат үстүнөн оодарып түшүргөнгө чейин барышкан. Бирок учурда мындай аша-чапкан ыкмаларга тыюуу салынып, эрежелер жеңилдетилген.